КЫЛМЫШ

Кадамжайдагы тургун жайлоодо ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактап жүргөн

Баткен облусунун Кадамжай районунда текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.< Маалыматка караганда, Кадамжай РИИБ тарабынан 13-14-июль күндөрү жүргүзүлгөн «Арсенал» рейддик иш-чарасынын алкагында район аймагындагы уруксат берүү системасынын каттоосунда турган курал-жарактардын сактоо мөөнөттөрү, сактоо эрежелери текшерилди. Уруксат кагаздарынын мөөнөтү өтүп кеткен 21 мергенчиге Укук бузуулар кодексинин 134-беренесинин (ок атуучу, газ пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын каттоо мөөнөтүн бузуу) негизинде протокол түзүлүп, айып пулдар салынды. Булак: Турмуш

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы