МАДАНИЯТ

Кадамжайда бир канча кызматкерлер Тил комиссиясынын сыйлыгын алышты (фото)

«Мамлекеттик тилди башка улуттарга таңуулап, коркутуп үйрөтө албайбыз. Биз аларга шарт түзүп беришибиз керек».
Мындай пикирин бүгүн, 16-сентябрда Кадамжай районундагы жыйында Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Эгемберди Эрматов билдирди.
Мамлекеттик тил жөнүндө талкуулар болуп, Айдаркен шаарындагы «Фирдауси» тажик мектебининин мугалими Караева Жамилия окуучуларга кыргыз тилдүү китептин жоктугун жана туруктуу программа иштелип чыкпаганын айтып чыкты. Ошондой эле башка улуттарга улут аралык ынтымакты сактай ала турган, билимдүү тилчи мугалимдер сабак берсин деген өтүнүчүн айтып өттү.

Караева ж.                                                                                    фото «Эл жарчысы»

Кадамжай районундагы Мамлекеттик тилге зор салымын кошкон бир канча кызматкерлерге Э. Эрматов Мамлекеттик тил төш белгиси, Ардак грамоталар жана алкыш баракчалары тапшырды. Кадамжай райондук администрациясына Мамлекеттик тил жөнүндө жана автордук китептерин белекке берди.
Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Э. Эрматов эки күн аралыгында Кызыл-Кыя жана Ош шаарларында Мамлекеттик тил тууралуу жыйындарга катышат.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы