Көп улуттар жашаган Баткендин Кадамжай районунун Айдаркен шаарында мектеп рекетчилигине жана суицидке каршы ачык эшик болуп өттү.
Бул иш чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мечит имамдары жана милиция кызматкерлери катышышты.

Сөзгө чыккандар окуучулар арасында рекетчилик менен суицид көбөйгөнүнүн белгилеп, бул көрүнүштөрдүн алдын алуу керектиги айтылды.
Айдаркен шаарындагы кыргыз, орус, тажик тилдүү мектептердин окуучулары рекетчиликти жана суицид тууралуу көрүнүштөрдү сахнада чагылдырышты.
Кадамжай РИИБнүн башчысынын орун басары Кадыров Эмил окуучулар арасында кылмыштуулук өсүп жатканын, 11 ай аралыгында 24 өспүрүм өз өмүрүнө кол салууга аракет кылып, даарыгерлер себептүү аман калганын айтып өттү.
Иш-чаранын соңунда милициянын жаш жардамчыларына күбөлүктөр берилип, алдыңкы окуучуларга сыйлыктар тапшырылды.
Кадамжай районунун аймагында үстүбүздөгү жылдын 11 ай ичинде өспүрүмдөр тарабынан 11 кылмыш иши катталып, кылмыш иштердин бети толук ачылган. 3 мектеп курагындагы өспүрүмдөр өз жанын кыйышкан.
Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы