Баткен облусунун Кадамжай шаарынын мэри Асанбай Пазылов ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка КРнын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон.
Бул тууралуу Кадамжай шаардык мэриясынан билдиришти.
Эскерте кетсек, Кадамжай шаарынын мэрине шаардык кеңештин депутаттарынын үчтөн экиси ишенбөөчүлүк көрсөткөн.
Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы