КЫЛМЫШ

Өспүрүмдүн келечеги эмне болот?

el_kdm_001
Бул өспүрүм өзүнүн бир нече жолку кылмыш иши менен кармалып олтурат. Нусратилла уулу Нурзаман 1994-жылы 19-декабрда Пүлгөн айылында туулган. Нурзаман жаш өспүрүм экенине карабастан спирт ичимдигин ичип алып, 2012-жылдын 5-июль күнү түнкү саат 03.30_дарда Кадамжай шаарчасынын Звездный көчөсүнүн №14-үйүнүн №41-батирин байкаштырып, эч ким жоктугунан пайдаланып, батирдин балконунун терезеси аркылуу кирип, 1300 сомдук базар баасындагы «DVD» видеоаппаратын, 2000 сомдук «Тунер» аппаратын уурдап, изин жашырып кеткен. Натыйжада бул батирдин ээси Султан кызы Айдилгерге 3300 сомдук зыян келтирген. Тез аранын ичинде эле Нусратилла уулу Нурзаман бул кылмышка шектүү катары кармалып, натыйжада далил катары баягы уурдалган буюмдар табылып, ээсине толугу менен кайтарылып берилген.
Көп узабай соттук кароодо соттолуучу катары суралган Нусратилла уулу Нурзаман «Мен уурулукка барганым чын. Мага акча керек болгондуктан кирип, «DVD» аппараты менен «Тунер» аппаратын мас абалда уурдап чыккан экенмин. Өкүнүп кечирим сурайм. Келтирилген зыян тергөө мезгилинде эле кайтарылып берилген. Мындан кийин кайталанбайт»-деп сөз берет.
Тергөө мезгилинде жана соттук кароодо алынган далилдерге баа берип, тергөө органдары тарабынан соттолуучу Нусратилла уулу Нурзамандын КРнын КЖКнын 164-ст. 2-б. 3-п. 3-б. 2-п. менен туура квалификацияланган. Алардын белгилери болуп: уурдоо, башкача айтканда бирөөнүн мүлкүн жашыруун уурдап кетүү менен, жабырлануучуга чоң өлчөмдө зыян келтирилип, турак-жайга жана башка сактоочу жайга мыйзамсыз кирүү менен жасалган кыймыл аракети болуп эсептелинет.
Сот Нусратилла уулу Нурзамандын кылмыштуу аракетине баа берип, ага жаза чектөөдө анын жоопкерчилигин, жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайларына көңүл буруп, анын жоопкерчилигин жеңилдетүүчү жагдайлары катары жаштыгын, күнөөсүн мойнуна алып, чын дилинен өкүнгөндүгүн, ал эми оордотуучу жагдайы катары мурда да соттолуп, атайын кылмыш жасап, андан эч кандай жыйынтык чыгарбаганын эске алып, ага карата аны коомдон ажыратпастан, КРнын КЖКнын 46-3 ст. талабына ылайык мыйзамда көрсөтүлгөн эркиндигинен чектөө жазасын белгилөөнү сот туура деп табат.
Ошентип, КРнын КПКнин 309-312, 317-320, 323, 335 ст. жетекчиликке алып, Соттун өкүмү чыгарылган.
Анда: «Нусратилла уулу Нурзаман КРнын КЖКнын 3-б. 2-п. менен күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркиндигинен чектелсин.
Нусратилла уулу Нурзамандын эркиндиги Кадамжай районунун аймагы менен чектелсин, жүрүм-турумуна көзөмөл жүргүзүү жагы Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн жазык-аткаруу инспекциясына жүктөлсүн»-деп белгиленген.
Буга карабай арадан 4 ай өтпөй Нусратилла уулу Нурзаман бирөөнүн менчигин тартып алуу, ага ээ болуу максатын көздөгөн, башкача айтканда автомашина уурдоо кылмыш ишин жасап олтурат. Мындан ары жаш өспүрүмдүн келечеги кандай болот?

М.Жапаров,
Кадамжай районунун прокурору

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы