ЖАҢЫЛЫКТАР

Ичкилик – кылмыштын башаты

el_kdm_001Учурда ысык-суук мааракелерде, даталуу күндөрдө ичимдик көп ичилип, келечек муундардын тагдырына балта чабылууда. Ичимдик саткан дүкөндөр көбөйүп кетти.
2013-жылдын 5 айында Кадамжай районунда 52 жол кырсыгы катталып, 6 адам каза болгон. 76 адам ар кандай жаракаттарды алган. Маалыматтар далилдегендей кылмыштын 53,3% мас абалда жасалат. Ичимдик ичүү 35% азайганда, киши өлтүрүү 40%, денеге залал келтирүү 44%, бейбаштык 25% азайат. Райгез аттуу химик таза спиртти чыгаргандан соң, анын адамга кырсык алып келээрин түшүнгөн. Ал кечирилгис күнөө жасагандыгын сезип, өзүн-өзү асып өлтүргөн. Ал эми Гиппократ болсо ичимдиктин кесепетинен акыл-эси төмөн балдар жарыкка келээрин далилдеген.
Индияда аялы ичкен болсо ал кишинин бешенесине күйгүзүлгөн шишенин сүрөтүн тартып, кууп жиберишкен. Римде 35 жашка чейин ичимдик ичүүгө тыюу салынган.
Спирттин составында 240 химия кошулмалары: алдегиддер, сивуш майы, эфир, метил бар. Сивуш майы жагымсыз жыт чыгарып, ууландыруу касиетине ээ болуп, көп колдонгондо өтө оор абалга алып келет. Алдегиддер уксусу болсо нервти өлтүрүп, белокту жок кылат. Метонол кан тамырды бузуп, көздүн көрбөй калуусуна, кээде өлүмгө чейин жеткизет.
Улут аралык касташуулардын чыгышына да эл душмандары ичимдикти пайдаланышкан. Убагында Екатерина падыша болгондо “мас элди башкаруу оңой” деп ачык эле айткан. Согуш учурунда да Сталиндин буйругу менен чабуул алдында аскерлерге спирт ичимдигин ичиришкен.
Сауд Аравиянын эли 1,5 жылдан бери ичимдик колдонбой, өз генофондун тазалап алышты. Ошон үчүн да ал жакка жылына 10 млн зыяратчылар барат. Ал эми төрөлгөн ар бир арабга өздүк эсеп ачылып, чоңойгондо колдонушу үчүн 9 миң доллар акча бөлүнөт. Ал эми бизде жарык дүйнөгө келген баланын мойнуна дароо карызы илинип жатпайбы.
Мухаммед пайгамбар “Башкарылуучулардын пейилине жараша башкаруучу болот” деген. Элдин баары дүйнө менен аракка мас болсо, алтын баштуу падыша да өлкөнү эч качан көтөрө албайт. Өлкөбүздү интеллектуалдык дараметибиз менен байытуунун ордуна кайыр сурап жүрөбүз. Биз улуу тарыхы бар түпкүлүктүү элбиз. Кыргызстанда жашаган башка улуттардын коопсуз жашоосуна кепил болуунун ордуна кийинки кезде “Жамандын коногу бийлейт” болуп жатат. Мунун баары ичкиликтин айынан. Улуу держава аталган Россия да арактын азабын тартып, адам саны азайганынан башка элдерге өз жарандыгын берип, алардын балдарына кам көрүп, ар кандай айла-амалдарын жасоодо. Аларда кечки 10дон сааркы 10го чейин ичимдик сатылбай, чылымга, ичкиликке каршы мыйзамдарды иштеп жатышат.
Ичимдик өлкөбүздүн коопсуздугуна да түздөн-түз таасир берүүдө.
Ошондуктан, мен төмөнкү сунуштарды айтмакчымын.
1. Ичкилик ичүүнү улуттук трагедия катары кабылдашыбыз керек. Арак саткан дүкөндөргө чектөөлөр киргизилип, дем алуу жайларында, мектеп, бала бакчалардын алдында ичимдик сатылбаса.
2. Ичимдикке каршы күрөшүү үчүн атайын борбор ачылып, коомчулук менен тыгыш байланышта иш жүргүзүп, ушундай борборлор жергиликтүү айыл өкмөттөрүндө да түзүлсө.
3. Ичкиликке каршы күрөшүү боюнча жарнамалар борбордук көчөлөргө илинсе.

Кудбилла ажы Закиряев,
Кадамжай району.

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы