КЫЗМАТТЫК ДАЙЫНДООЛОР

«Эл жарчысы» гезитинин редактору алмашты

el_kdm_001Баткен облусундагы Кадамжай райондук «Эл жарчысы» гезитинин редактору болуп Жапаров Кайрат дайындалды.
Бул тууралуу Кадамжай райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Маматкасым Нурмаматов билдирди.
Кайрат Жапаров буга чейин «Де факто», «Ош шамы», «Алиби» гезиттеринде кабарчы болуп иштеп келген.
«Эл жарчысы» гезити 1941-жылы негизделген. Азыркы күндө 1300 нуска менен түстүү болуп чыгат. Гезиттин интернет сайты бар.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы