КООПСУЗДУК

Диний экстремистер эмнеге көбөйүүдө?

Көптөн бери көңүлдө уюган бир суроо дайыма жан дүйнөмдү кыйнап келет. Акыркы кезде Аллага болгон кызыгуу, ибадат, орозо кармоо, беш убак намаздан кечикпөө, жума сайын жумага баруу өңдөнгөн бир топ мусулманчылыктын жол-жоболору калк арасында кадимкидей сиңип, Алла алдында кыйла күнөөлөрүбүздү күбүп, актык дүйнөгө болгон аракетибиз көзгө көрүнүп калгандай. Бирок, ошонун артында эле калктын көзүнө көрүнө-көрүбөй, «диний экстремисттик» коюн-колтук аралап, жакшылыктын жышаанасын жабыркатып жатканына эмнегедир кайдыгердей көрүнөбүз.
Кызыл-Кыя шаарынын прокурорунун милдетин аткаруучу, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси Мавлян Ашимовдун билдирүүсүнө таянсак, 2012-апрелинде Кызыл-Кыя ШИИБнүн кызматкерлери тарабынан оперативдик иш чараларынын жүрүшүндө, Кызыл-Кыя шаарынын Кулатов көчөсүнүн №70 үйүнүн тургуну 1981-жылы туулган Мурзакаримов Фарходжан Арипжанович өзүнүн жашаган үйүндө экстремистик материалдарды таркатуу максатында сактап, даярдап, ошондой эле экстремистик уюмдардын мүчөсү катары ар кандай экстремистик китептерди мыйзамсыз сактаганы аныкталган. Дагы бир факт, 2012-жылдын 26-апрель күнү Мырзакаримов Фарходжондын үстүнөн КР КЖКнин 299-ст. 1-б. менен № 36-12-40 сандуу кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмыш иши соттун кароосуна жиберилген. Бүгүнкү күндө жасаган кылмыш аракетине сот тарабынан мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылган. Мындайлардын катарын жакында эле толуктаган Кызыл-Кыя шаарынын Жаштык көчөсүнүн №12 үйүнүн 11-батиринде жашашкан, Жалал-Абад областынын Майлы-суу шаарынын Октябрь көчөсүнүн №15 А үйүнүн тургуну 1988-жылы туулган Алибаев Залкарбек Асилбекович жана Талас областынын Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылынын Жусубалиев көчөсүнүн №75-үйүнүн тургуну 1989-жылы туулган Төрөгелдиев Керимбек Алыашимовичтер, аталган даректе «дарскаана» уюштурушуп, билген намазын окуп жатышканда Кызыл-Кыя ШИИБнүн күжүрмөн тобу аталган дарек боюнча барышып, окуя болгон жерден 314-даана Араб жана Түрк тилинде жазылган китептерди, 171-даана Кыргыз, Түрк тилинде жазылган китепчелерди, 40-даана CD DVD дисктерин жана ноутбук компьютерин далил буюм катары табышкан.
Ушул эле дейсизби, оперативдик маалыматтарынын негизинде, Кызыл-Кыя шаарынын Калинин көчөсүнүн №4 үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн учурда, ошол үйдүн тургуну 1973-туулган Эргешова Назирага тиешелүү болгон 15-даана диний китептер табылып олтурат.
Өзгөчө аял кишилердин мындай жоосунсуз жоруктарына эмне деп айтууга болорун өзүң да билбейт экенсиң. Колго түшкөндөрдүн көбү кылмышына жараша жазсын алган менен, анын арты тыйылбай жатканын кантип түшүнүүгө болот?
Мына ошондойлордун дагы бири Кызыл-Кыя шаарынын Токтогул көчөсүнүн №134 үйүнүн тургуну 1969-жылы туулган Мамазаитова Зырапатхан Апсатаровнага тиешелүү болгон 10-даана диний китептер жана 73-даана дисктер табылган. Ал эми Совет көчөсүнүн № 29-4 үйүн тинтүү жүргүзгөндө, 1975-жылы туулган Мадаминова Мавлюда Каримжановнага тиешелүү болгон 28-даана диний китептер, 11-даана дисктер, 2-даана календарь, 3-даана арап жазуусу бар ак барактар, сегиз даана дептерлер, 2-даана диний брошюра, 1-даана Араб жазуусу бар альбом, 1-даана диний газета, 1-даана кара түстөгү кичинекей баракча табылган.
Булар боюнча укук коргоо органдары тарабынан тергөө амалдары жүрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн менен дагын деле жетишсиздей.
Коомго диний экстремистик ойдогу терс көрүнүштөгү үгүт иштерин жүргүзгөн адамдарга жаза жеңил, кол жетерлик болгондуктан, алар дагын деле өз иштерин улантып жатат окшойт. Кылмыш жоопкерчилигин күчөтүп, айып пулдарды аябай эле салып, мыйзамга баш ийбегендерди өлкөдөн чыгарып салууга чейин барганда кандай болор эле?
Биз диний экстремистик иштерди жасап же үгүттөп жүргөндөрдү жаап жашыра берсек мунун аягы жакшылык менен бүтпөс.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы