Аскердик милдеттен качкан офицерге кылмыш иши козголду. Баткен аскер прокуратурасынын текшерүүсүндө, лейтенант Б.Берикбаев 2013-жылдын 13-январынан13-февралга чейин аскердик кадрларды даярдоо үчүн Бишкекке курска барып, себепсиз аскер бөлүккө кайтпай эмгек өргүүсүнө чыгуу боюнча арыз берип, өргүүгө чыгып кеткен. 26-февраль күнү эргүү убактысы аяктаса да кызмат ордуна 7 күн келбей, «ооруп жатам»-деп аскер госпиталына жаткан. Даарыланып чыккан соң, жүйөөлүү себепсиз эле аскер бөлүгүнө 11 күн келбей койгон. Ошентип, 29-март күнү өзү иштеген 30630 аскер бөлүгүнө келген. Б.Берикбаев себепсиз келбей койгон күндөрүн жашыруу максатында, госпиталдан берилген справканы бурмалап,оңдоолорду киргизип көрсөткөн. Тергөө мезгилинде Б.Берикбаевге КРнын КЖКнин 359-беренесинин 3-бөлүгү жана 315-беренеде көрсөтүлгөн аскер бөлүктөн качуу жана документтерди жасалмалоо деген кылмыш иши козголуп, Баткен гарнизондук аскер сотуна кароо үчүн жөнөтүлдү.
Баткен горнизондук аскер прокуратурасы