КООПСУЗДУК

Баткендин акими Өзбекстандын Сох районунун акими менен жолугушту

el_kdm_001
19-декабрда Баткен районунун акими Сейтмурат Калыков менен Өзбекстандын Сох районунун акими Тавакал Рахимов жана эки райондун мекеме-ишканаларынын жетекчилери жолугушту. Жыйында негизинен Баткендин Бөжөй айылы менен Өзбекстандын Малмут айыл тургундарынын мамилелери, эки элдин жаңжалдарын жараткан көйгөйлөр айтылды. Бөжөй айыл тургундары Өзбекстандын чек ара кызматтары кээ бир чек ара өтмө бекеттерин бир тараптуу жаап алганы, жергиликтүү эл үчүн текшерүүнүн жөнөкөй ыкмаларын киргизүү зарылдыгын айтышты.

Сох районунун акими Тавакал Рахимов бул айылдын тургундары үчүн буга чейин бир тараптуу жабык турган «Девайран» чек ара бекетин ачып берүү маселесин Ташкен менен макулдашаарын билдирди.

Бөжөй айылынын тургундары Өзбекстандын Сох анклавы аркылуу өтүүчү жолдон тышкары Бөжөй – Бел – Кадамжай айланма жолун куруп берүү өтүнүчү менен эки жыл мурда бийликке кайрылышкан. Ага ылайык, 14 чакырым жолдун долбоору чийилип, мамлекет тарабынан 60 млн. сом бөлүнгөнү айтылган. Бирок 2012-жылдын экинчи кварталында башталат деп айтылганы менен курулуш иши башталган эмес. Ноябрь айында аталган айылдыктар Өзбекстанды аралап өтүүдө кыйынчылыктарга туш болуп жатышканын айтып, облус борбору менен түз байланыштыруучу жол маселесин чечип берүүнү талап кылып митингге чыгышкан.

Бөжөй айылында 154 кожолук жашайт. Айыл Кыргызстандын башка аймактары менен Өзбекстандын Сох анклавы аркылуу гана байланышат, уюлдук байланыш тартпайт.

Азаттык Үналгысы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы