КООПСУЗДУК

Баткенде чек аранын жанынан оорукана тарапты көздөй ок атылды.

Окуядан эч ким жабыркаган эмес. Окту ким атканы аныктала элек. Кыргызстан менен Тажикстан иликтөө жүргүзүүнү макулдашты.

Баткен облусунда белгисиз адам ок чыгарып, ал Лейлек районундагы Интернационал айылындагы оорукананын терезесине тийген. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

© Фото / пресс-служба ГКНБ КР Баткен облусунда белгисиз адам ок чыгарып ал Лейлек районундагы Интернационал айылындагы оорукананын терезесине тийген

Маалыматка караганда, бүгүн саат 15:10дор чамасында Тажикстан тараптан бир ирет ок атылган. Жеринен АК-74 автоматынын 5.45 мм калибрлүү огу табылган. Эч ким жабыркаган эмес.

© Фото / пресс-служба ГКНБ КР Баткен облусунда белгисиз адам ок чыгарып ал Лейлек районундагы Интернационал айылындагы оорукананын терезесине тийген

Окуядан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүп, тажик тарап Интернационал айылына жакын жерде кызмат өтөгөн чек арачыларынын куралын текшерерин убадалаган.

“Саат 17:00дө тараптардын чек ара өкүлдөрү жолукту. Анда тажик тарап куралдарды текшерүүдө чек арачылар ок чыгарбаганы аныкталганын билдирди. Ошол эле учурда Тажикстандын чек ара өкүлү ок кокустан атылып кетиши мүмкүн экенин билдирди. Жолугушууга келгендер ар кимиси өз тарабында териштирүү жүргүзүүнү макулдашты”, – деп айтылат маалыматта.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу.

Спутник.kg

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы