КООМ

«АМАНТУР» ЭС АЛУУ ЖАЙЫ – КАЛК КЫЗМАТЫНДА

el_kdm_001Районубуздун аймагында эс алуучу жайларыбыз жүздөп саналат. Аларды атап олтуруунун кажети жок деп эсептейбиз. Алсак, Исфайрам, Ак-Суу деген дарыяларыбыздын боюндагы эс алуу жайлары эле эсеп жеткис. Бул жайларыбыз сырттан келген кишини суктандырбай койбойт. Албетте, бардык эс алуу жайларынын өзүнчө өзгөчөлүктөрү жана касиеттери бар эмеспи.

"Амантур" эс алуу жайы
“Амантур” эс алуу жайы

"Амантур" эс алуу жайы
“Амантур” эс алуу жайы

Биз сөз кыла турган «Амантур» эс алуу жайы, «Жийделик» көлүнөн нары Ак-Суу дарыясынын жээгинен орун алып, мындан 3 жыл мурда өздөштүрүлгөн. Аталган жайда качан болсо да, элдин катары суюлбайт. Бул жайдын өзгөчөлүгү, тоо арасындагы салкын абасы, өзүнүн чоң аймагы, анын көлөкөлүү бак-дарактары, түрдүү компанияга ыңгайлаштырылып курулган олтуруучу жайлары, бассейни, биллярд столу, кала берсе мончосуна чейинки шарттары бар жай катары бааланат.

Мындан тышкары ашканасынын даамдуу тамактары келген мейманды өзүнө тартат. Эс алуу жайынын ээсинин айтымына караганда эми Теннис ойноочу «Корт» да курулмакчы. Бул жайга Кыргызстандын ар тарабынан көптөгөн жарандарыбыз келип, эс алып кетишет. Бул жай келген кишини кайдыгер калтырбай, дагы бош убактысы боло калса, ушул жайга келип, эс алууну эңсетет.
Урматтуу кадамжайлыктар жана районубуздун меймандары!
«Амантур» эс алуу жайына каалаган күнү келип, дем алып кетсеңиздер болот!

«Эл жарчысы»

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы