АВТО

Баткенде 25 жаштагы жигит бир заматта өмүр менен кош айтышты

6-августта Кадамжай районунун Жаңы-Жер айылында (Ош—Исфана унаа жолунун 192-чакырымы) 3 унаа кагышып, адам өмүрү кыйылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Баткен облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, Кара-Суу районунун Шарк айылынын 1996-жылы туулган тургуну М.М. «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаасын айдап келе жатып, Өзбекстандын Риштан районунун 1976-жылы туулган тургуну Х.М. айдап келе жаткан «Т-28» үлгүсүндөгү трактордон ашып өтүүгө аракет кылган. Ошол учурда трактордун дөңгөлөгүнө тийип кетип, сол капталына оодарылып, каршы тилкеге чыгып кеткен. Анда кийин каршы тилкеде Баткен районунун Төрт-Гүл айылынын 1991-жылы туулган тургуну Н.Б. айдап келе жаткан «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен «Хендай Портердин» айдоочусу М.М. окуя болгон жерде мерт кеткен.

«Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаада жаракат алгандар:

– 1991-жылы туулган айдоочу Н.Б;

– Баткен районунда 2010-жылы туулган Р.Б. аттуу бала;

– 1992-жылы төрөлгөн С. кызы Т.

Жаракат алгандар Баткен шаардык ооруканасына кайрылышкан.

Буга чейин күбөлөр «Репортер» басылмасына да кырсык болгонун билдиришкен.

 

Turmush

 

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы