МАДАНИЯТ

Асема: Бүгүн тирүүлөй өлдүм, балдарым үчүн гана чыдаганга аргасызмын

Ырчы, актриса Асема жашоосундагы болуп өткөн окуядан сабак алып, көңүлү калып, сынып турганын жазды.

“Бүгүнкү күн, 22-сентябрь мен үчүн жашоомдун тарыхында калган эң жаман күн болду. Мойнума алам. Ооба, сындым. Көздөп жүргөн планыңыз, оюңуз ишке ашты. Мени сөз сындыра алат экенин билип жүргөндөйсүз бирок, ар бир сөзүңүз үчүн кудай алдында жооп бересиз деп ишенем. Өзүңүздү өзүңүз жакшы билесиз. Анткени сиз акчага сатылган аферистсиз. Бүгүн тирүүлөй өлдүм, буюрса эртеңки күнүм бардыр. Качан күлкүлөрүм жаңырат билбейм бирок, азыркы учурда эмес. Жылмайып, шайыр жүргөн адам көп ыйлайт деген сөздү көп угам. Жашоодо көп сыноодон өттүм бирок, бүгүнкү күн, чындыгында балдарым бар үчүн гана чыдаганга аргасызмын. Жылуу сөздөргө деле муктаж эмесмин, айонун кереги жок, жөн эле ушул пост менен сүрөт калсын деп чечтим. Сабак болсун мага. Жашоо менин жүрөгүмдү таш кылмай болду. Негатив үчүн кечирим сураймын”, -деген билдирүү калтырды Асема.

Барометр.kg

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы