КООПСУЗДУК

Ойдо жок кырсык

«Кырсык каш-кабактын ортосунда» деп бекеринен айтылбаса керек. Ноокат районунун Бел-Өрүк айылында Ош-Баткен автотрассасын тазалатып жүргөн мугалим эжей капилеттен кырсыкка кабылды.

Жол жээгин окуучулар менен тазалап жүргөн эжеке, таштандыларды өрттөп салуу максатында акир-чикиргелерди үйдүрүп от жактырат. От алоолонуп, акыр-чикир арасындагы кадимки эле желим бөтөлкө жарылып, эжекенин оозунун илебин, тиштерин жараксыз кылып таштаган. Таштандыда андан сырткары спирт ичимдигинин бөтөлкөсү да болгон.

Жарылуунун себептери иликтенип жатат.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы