16-июль күнү районубузда КРнын кадр кызматынын директору Аалы Карашев баштаган жумушчу топтун катышуусунда раймамадминистрациянын чоң залында жыйыны болуп өттү. Буга чейин КРнын Өкмөтүнүн алдында атайын жумушчу топ түзүлүп, республиканын аймагында жер-жерлерде кызматкерлер менен жолугушууларды өткөрүп келет. Жумушчу топко бир топ КРнын министрликтеринен атайын өкүлдөр кирген. Мындан тышкары жыйынга КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Разаков, райондун акими А.Мадумаров жана ишкана-мекемелердин жетекчилери, кызматкерлер катышты. Жыйынды А.Мадумаров ачып, жыйынга катышып олтурган, министрликтерден келген жумушчу топ менен тааныштырып өттү. Андан сөз КРнын кадр кызматынын директору Аалы Карашевге берилди. Ал ушул күндө Өкмөт тараптан көптөгөн жумуштар аткарылып келе жаткандыгына кеңири токтолду. Инвестиция тартуу боюнча, жол куруу маселеси бир топ алдыга жылган. Алсак, Баткен – Ош жолунун 120 км жери жаңыдан курулду. Ошондой эле быйылкы жылда Баткен-Исфана жолунун курулушу пландаштырылууда. Улуттук стратегиянын 5 жылдык программасынын негизинде иш алынып барылат. Мамлекеттик кызматты жана муниципалдык кызматты көтөрүү максатында иштеген жарандарыбыздын айлык акысына август айынан баштап кошуларын билдирди. Тактап айтканда, мамлекеттик администрацияларда жана айыл өкмөттөрдө иштеген кызматкерлердин айлык акысы 1-августтан, ал эми калган мамлекеттик кызматта иштеген кызматкерлердин айлык акысы 1-октябрь айынан баштап көтөрүлөрүн баса белгиледи. Мындан тышкары КРнын Өкмөтүндө губернатор мектебин мурдагыдай калыбына келтирүү жана акимдин функционалдык милдетин күчөтүү, райондун бюджетин калыбына келтирүү б.а. райондук Кеңешти кайра түзүү маселелери каралып атаарын белгиледи. Акимдин жана айыл өкмөттөрдүн деңгээлин көтөрүү маселеси негизги көйгөй болуп саналат. Буюрса, бүгүнкү күндөгү көйгөйлөр, маселелерди угуп, жыйынтыктап, сентябрь айына КРнын ЖКине ортого салынаарын айтты.
А.Карашевдин сүйлөгөн сөзүнөн кийин жетекчилер, кызматкерлер тараптан суроолор, сунуштар, каалоолор айтылды.
Атайын кабарчыбыздан, «Эл жарчысы»