САЯСАТ

5 айыл аймагынын башчыларын шайлоо болот

el_kdm_001Кадамжай районубузда 5 айыл аймагынын башчыларын шайлоо белгиленди.
Орозбеков айыл аймагынын башчысын шайлоо 2013-жылдын 16-декабрында саат 10:00 дө, Көтөрмө айыл аймагынын башчысын шайлоо 2013-жылдын 16-декабрында саат 14:00 дө болот.
Ал эми Алга айыл аймагынын башчысын шайлоо 2013-жылдын 18-декабрында саат 10:00дө, Бирлик айыл аймагынын башчысын шайлоо 2013-жылдын 19-декабрында саат 10:00дө, Совет (Кан) айыл аймагынын башчысын шайлоо 2013-жылдын 24-декабрь саат 10:00гө белгиленген.
Бул күндөрү айыл аймак башчыларын, жергиликтүү кеңештердин депутаттары тандашат.
Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-ноябрындагы №166 Токтому менен бекитилген.

«Эл жарчысы»

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы