САЯСАТ

Тажиктер Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысынын машинасына таш ыргытышкан

Баткендин аткаминерлеринин унаасын Тажикстандын жарандары таш менен урушкан. Бул тууралуу облустук ИИБ билдирген.
Маалыматка караганда, окуя мурунку күнү саат 20.00 чамасында болгон.

«Тажик жарандары Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысынын унаасына таш ыргыткан. Ичинде президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары да болгон. Кечээ эки өлкөнүн аймактык милициясынын өкүлдөрү жолугушту. Тажик тарап келтирилген зыяндын ордун толтуруу маселесин көтөрдү », — деп билдиришти Ички иштер башкармалыгынан.
Аталган факт КР Кылмыш -жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча катталган.

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Алимбек Сабиров менен президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев 28-30-апрелде Баткен районунун Таш-Тумшук айылында болгон жаңжал учурунда бузулган үйлөрдү текшерип кайтып келе жатышкан.

Аргумент.KG

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы