КЫРСЫК

Кансыраган жаңы жол

el_kdm_001Баткен облусу дегенде эле мурда жол азабы эске келет эле. Баткен, Лейлек, Исфанага барам дегендер Өзбекстандын Сох анклавынан өтүп кыйналып келишкен. Кадамжай-Баткен-Исфана жолуна кытай туугандар асфальт төшөп бергенден бери жыргап калдык деген сөз эмес, кандуу жол болду деген гана сөз.
Чындыгында адам өлүмү менен коштолгон кырсык дал ушул Кадамжай-Баткен айлама жолунда көп болууда. 2012-жылдын ичинде Кадамжай районунун аймагында эле 100 жол кырсыгы катталып, 24 адам каза болуп, 153 адам ар кандай жараат алган. Анын ичинен он гүлүнөн бир гүлү ачыла элек 6 бала көз жумган. Бирок, эл ичинде мындан көп сандагы өлүмдөрдү айтып келишет. Жүргүнчүлөр бул кырсыктарды жолдун тардыгына байланыштырса, кээ бирлери тегиз жол көрбөгөн айдоочулардын аша чаап, катуу ылдамдыкта айдагандыгын айтып келишет.
Кадамжай РИИБнүн ЖККнан билдиришинче 2013-жылдын 5 ай ичинде 52 жол кырсыгы катталып, 6 адам каза болуп, 76 адам денелеринен түрдүү жарааттарды алышкан. Ала таякчандар кырсыктардын негизги себептери болуп, мас абалда унааны башкаруусу, жогорку ылдамдыкта айдоо жана кууп өтүү эрежесин бузуу экендигин айтышат.
5-июнь күнү, ушул кандуу жолдо Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылынын тургуну Абдивахап уулу Султанбек өзүнүн Опел-Астра унаасы менен жол боюнда токтоп турган Вольво-10 унаасын уруп алган. Натыйжада Опел-Астра автоунаасынын жүргүнчүсү Шамурзаева Махбурат денесинен алган жараатынан улам каза болгон.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

 

Нравится

[poll id=”6″]

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы