МАДАНИЯТ

ЖАН ДҮЙНӨНҮН АЧКЫЧЫ – КИТЕПКАНАЧЫЛАРДЫН КОЛУНДА

books
Ар бир улутту, элди эл катары сактап келген-анын көркөм өнөрү, санжыралуу тарыхы, адабий-маданий дөөлөттөрү, эл чыгармачылыгы. Мына ушул нерсе укумдан-тукумга, муундан-муунга өтүп келе жаткан кыргыз элинин байыркы ата мурасын, кайталангыс чыгармачылыгын, көөнөрбөс казынасын сактап, калк арасына жайылтып келе жаткан бул-китепкана.
Кыргыздын белгилүү акыны А.Акималиевдин “Китептер-бул кудай уктап жаткан үй, китептер-бул баа жетпеген казына” деп жазылган философиялык ыр саптары бар. Бүгүн ушундай баа жеткис казынанын ээси болгон катепканачылардын кесиптик майрамына карата аз да болсо жылуу сөз айткым келип турат.
Кадамжай райондук борборлоштурулган китепкана тармагында 30 китепканачы эмгектенет, алардын 11и райондук китепканада, 19у айылдык китепканачылар. Эмнегедир көпчүлүк учурларда китепкана ишине, анын маанисине көңүл бурулбай жана баа берилбей келет. Айылдык китепканалар шайлоо, эл каттоо ж.б. жергиликтүү бийликтин “сезондуу” иштеринде гана эске келет. Китепкананын майда, көзгө көрүнбөгөнү менен, бирок маанилүү иштери көмүскөдө кала берет.
Айлык маянасы бүгүнкү күндүн талабына жооп бербеген китепканачыларыбыз караңгыдан жол таап, өз демилгелери, кажыбас кайраткерликтери менен районубуздагы китепкана ишин жүргүзүп келе жатышат. Райондук китепкана жана балдар китепканасы окурмандардын арасында ар түрдүү кызыктуу массалык иш-чараларды жүргүзүп келишет. Мисалы: “Мектептин ачуу чындыгы, рэкетчилик” деген темадагы тегерек стол жогорку класстардын окуучуларынын арасында өтүлүп, абдан кызуу талкуу болду. 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китептер күнүнө карата тейлөө бөлүмүнүн “Ак дил” поэзия ийрими менен жергиликтүү акындардын “Ыр чачыласы” өтсө, балдар бөлүмүндө “Китеп-билим булагы” деген темадагы адабий тематикалык кече өткөрүлдү. Мындан сырткары сурамжылоо баракчылары (анкета) жүргүзүлүп, ар түрдүү темадагы буклет, папкалар түзүлгөн. Мындай иш-чаралар айылдык китепканаларда да даталуу күндөргө карата өткөрүлүп турат.
Кадамжай райондук борборлоштурулган китепканасы жана КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.А.Султанбекованын демилгеси менен үстүбүздөгү жылдын февраль айында “Ар дайым болсун АПАМ” деген аталыштагы райондук деңгээлдеги дил баян конкурсун өткөрдү. Конкурска райондогу 25 мектептин 117 окуучу катышып, байгелүү орундарга 20 окуучу татыктуу болушту. Бул өткөрүлгөн иш чарага райондук китепкананын кызматкерлери, айылдык китепканалардан № 11 -айылдык китепкананын китепканачысы К.Орунбаев (Майдан а-о), № 4 -айылдык китепкананын китепканачысы М. Меңдибаева (Көтөрмө а-о), №15-айылдык китепкананын китепканачысы П.Усенова (Орозбеков а-о), №9 – китепкананын китепканачысы Ганиева А. (Бирлик а-о) активдүү катышты.
Райондун калкынын бардык катмарынын билимге болгон талабын канааттандырып, элдин кашыктап жыйган көркөм табылгыс кенчттерин сактап келе жаткан жөнөкөй кесиптин ээлери – китепканачыларды кесиптик майрамы менен куттуктайм. “Маданияттын мыкты кызматкери” Н.Пиратова, КРнын маданият министрлигинин “Ардак грамотасынын” ээси Г.Муралимова, мыкты ардагер китепканачылар А.Махмудова, Х.Умаралиева, Г.Даминова, Г.Токтобаева, тажрыйбалуу китепканачылар З. Жакыпова, М.Жолдошева, Т. Мадмусаева, Х. Мамадраимова, М. Ганиева, Б. Батыркожоев жана жаш китепканачылар М. Жапарова, Г. Мамалатипова, З.Пурханова сыяктуу кесиптештерибиздин үзүрлүү эмгектерин белгилеп кетким келет.
Китепканачыларга жакшылыктарды, ден соолук, үй бүлөлүк бакыт, дасторконуна береке, майда, бирок маанилүү ишине ийликтерди каалайм.

Д. Бапиева,
Кадамжай РБКТнын директору

Жооп калтыруу

«Жогоруга кайтуу» баскычы