КООМ

Энелер майрамы ар күнү

Элибизде «Бейиш энелердин таман астында» деген таамай айтылган сөз бар. Ооба, чындыгында эненин бейиштегидей ыйыктыгы, айтып бүткүс чоң тема. Энелерибиз биз үчүн канчалаган кыйынчылыктарды көргөнүн, биз качан гана ата-эне болгонубузда билгендер гана билет экен. Азыркы убактагы сойкулук, бузукулук, темир тор артына кирүүгө себеп иш жасаган жаштар, канчалаган энелерибиздин зар какшап ыйлап, жүрөк, боору эзилиши биздин энебизге кылган жакшылыгызбы.
Ислам динин кармаган элибиз, «Ата-энең сенин бейишиң же тозогуң, кааласаң куруп ал, кааласаң бузуп ал» деп биздин жашообузду ата-энеге байланыштырган.
Ыйык Куранда Аллах таала мындай деген:
«Биз инсанга өз ата-энесине жакшылык кылууну буйрудук. Энеси аны алсыздыктын үстүндө алсыз болуп, (9 ай бою)көтөрөт. Аны эмизүү мөөнөтү да эки жыл, (ошондуктан) биз инсанга: Мага жана ата-энеңе шүгүр кылгыла. Мага кайтып келесиңер! — деп буйруп койгонбуз». (Лукман:14)
Ар бир инсан ойлонуп көрөлүчү энебиздин 9 ай курсагында көтөрүп, өлүм менен күрөшүп төрөп, ак сүтүн берип, ыйласак кошо ыйлап, күлсөк кошо күлүп чоңойтконуна шүгүр кылып, эне мээримине ыраазы болуп көзүбүздөн жаш актыбы.
Жакында бир акын досумдун ыры мага башкача таасир калтырды. Ал ырда:

Бейиштигим апа сенин таманың,
Билген кези бүгүн мына жаманың.
Ак сүтүңдөн эгер өзүң кечпесең,
Актай албайт эч ким таап амалын.

Чындыгында энебиздин ак сүтүн актоо, жадакалса толгоодогу бир мүнөтүнө ылайык иш жасай албайбыз.
Пайгамбарыбыз САВ га бир адам келип минтип сурады:
О, Аллахтын элчиси, адамдардын ичинен мен үчүн кимиси мыкты мамиле кылууга татыктуу?
Пайгамбарыбыз САВ: Энең.
Тигил адам кайра сурады: Андан кийинчи?
Пайгамбарыбыз САВ: Энең -деди.
Тигил адам кайра сурады: Андан кийинчи?
Пайгамбарыбыз САВ: Энең- деди.
Тигил адам кайра сурады: Андан кийинчи?
Ошондо пайгамбарыбыз САВ: Атаң –деп жооп берди.

Урматтуу замандаш! Энелерибизди бир гана 8-мартта гана ойлобостон, күндө алар үчүн майрам кылып берели. Алар биздин жылмайган гана жүзүбүздү, сүйүнүчкө толгон көзүбүздү көргүсү келет. Бизда энелерибиздин дал ушундай маанайда көрүү үчүн ар бир кадамыбызды ойлоп басып, алар сыймыктанчу перзент бололу! Алар картайган болсо, биздин ымыркай кезибизде кандай мээрим төгүп караса, бизда ошондой мээрим төгүп карайлы.
Куранда Аллах таала:
«Эгең силерге анын өзүнөн башка эч кимге сыйынбоону жана ата-энеңерге жакшылык кылууну буйруду. Эгер алардын бирөөсү, же экөөсү тең улгайган жашка жетсе, аларга: Уф-ф –деп, зекибегин! Аларга жылуу жумшак сөз сүйлөгүн! Аларга мээрим канатыңды кенен жайып, О, эгем, алар мени кичинекей кезимден (бөпөлөп) чоңойтуп өстүргөндөй, сенда аларды мээримиңе бөлөй көр –деп айткын! »(Исра:23-24)
Баарыбызга энебиздин ак батасы, алар менен бирге болуу насип кылсын.

Азамат Абсаттаров, «Эл жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы