Ага Кыргызстандан ички иштер министри Шамил Атаханов, Чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленов, өкмөттүн Баткен облусу боюнча өкүлү Жеңиш Раззаков катышууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен районунун акиминин орун басары Акмурза Тагаев билдирди. Анда Сохтогу окуяны калыс иликтөө, чек араларды ачуу маселеси да каралышы ыктымал. Сүйлөшүүгө Өзбек тараптан Фергана облусунун, Сох аймагынын акими катышып жатканы кабарланды.
Ал эми Чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленов бүгүн өзбекстандык кесиптеши менен жолукканын, тиртипти бузганга жол бербөө, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тууралуу сүйлөшүлгөнүн “Азаттыкка” билдирди.
Баткен облусунун аймагындагы Өзбекстандын Сох анклавынын тегерегиндеги Кыргызстандын бардык чек ара бекеттери жабык турат. Буга байланыштуу Сохтун жүзгө чукул тургундары Фергана районунун Баткен менен чектеш Риштан айылында өтө албай тургандарын CA-News жазып чыкты. Кыргызстандан бул маалыматты эч ким тастыктаган жок.