КЫЛМЫШ

Кызыл-Кыяда 1 жума мурун дайынсыз жоголгон өспүрүм кыз табылды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында дайынсыз жоголгон өспүрүм кыз табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаарынын 1-кичи районунун тургуну — жашы жете К.А. 2023-жылдын 11-июлунан бери дайынсыз болуп жаткан. Кызыл-Кыя шаарында балдар менен иштөө инспекциясынын инспекторлору жайкы эс алуу убагында оор жумушка тартылган өспүрүмдөрдү, кароосуз жана көзөмөлсүз калган жаш балдарды аныктоо максатында «Өспүрүм эмгек» аталышындагы иш-чара өткөрүшкөн.

«Базарда араба сүйрөгөн, кафе-ресторандарда, түнкү компьютердик клубдарда эмгектенип жаткан жаш өспүрүмдөр аныкталып, 3 протокол толтурулуп, айып пул салынды. Иш-чаранын жүрүшүндө дайынсыз жоголгон өспүрүм кыз К.А. табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди», – деп айтылат маалыматта.

Булак: Турмуш

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы