КООМ

“Коркуп жашайбыз”. Баткендик Адиль Жапаров менен жолукту

Тажиктер менен аймакташ жашаган Адиль Садыр Жапаров менен жолугушту. Бул тууралуу коомдук ишмер, журналист Ассоль Молдокматованын соцтармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Эртең менен Садыр Жапаров менен көптөн күткөн жолугушуу болуп өттү. Кечээ президентинин администрациясынан телефон чалып, видео кайрылуу мамлекет башчысына жеткендигин айтышкан.

Адил экөөбүз жекшемби күндү Ысык-Көлдө өткөрдүк. Каарманыбызда эбегейсиз зор таасир калды: “Рух-Ордо” маданий борбору, асман алдындагы музей, жээкте кечки сейилдөө түбөлүккө эсибизде калат.

Адил түнү бою уктабай дээрлик тынчсызданып чыкты.

Садыр Нургожоевич бизди жылуу тосуп алып, Адилди кучактап, бип катар суроолорду берди. Ал Адилдин атасынын маселеси жакын арада Тышкы иштер министрлиги тарабынан иштелип чыгаарын айтып, жакынкы аралыкта түп-тамырынан бери чечип берүүнү убада кылды.

Мен жаш баткендиктин “футбол интернатында окусам” деп эңсеген кыялы жөнүндө айтып бердим. Садыр Нургожоевич жардамчысына Адилдин кыялын орундатууну тапшырды.  Президент Адилге уюлдук телефон, планшет, футболдук топту белек кылып, аягында ийгилик каалады. Адил бактылуу, кубанычтуу.  Анын абалын сөз менен жеткирүү кыйын.

Жарым сааттын ичинде Садыр Нургожоевич жаш баткендиктин бардык көйгөйлөрүн чечип берди. Мына ушундай боорукер, айкөл, сезимтал Садыр Жапаров мага чын жүрөктөн таасир калтырды”, – деп жазган Ассоль Молдокматова.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын май айында кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, бир нече үй өрттөлүп, жарандар жаракат алган. Чек арада жайгашкан Адилдин атасы Эсен Мажитовдун үйү дагы өрттөлгөн. Мажитовдун иниси чек арады чырда каза тапкан.

Мажитов Россияга иштегени кетип, 18-апрелде Нижний Новгород шаарында аэропорттон тажик тараптын өтүнүчү менен кармалган. Учурда, Адилдин атасы Орусияда абакта жатат.

 

Барометр.kg

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы