КЫЛМЫШ

Кызганычтан кыйылган өмүр

Февралдын суук коштогон таңында, суук сөз аралап, Кызыл-Кыя шаарындагы Майковский көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде, экинчи кабаттан ыргытылган аялдын денеси жөнүндө уу-дуу сөздөр кулактан-кулакка өтүп жатты…
Окуянын чоо-жайын билүү максатында, Кызыл-Кыя шаардык милициянын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын ага лейтенаты Жоомарт Рысбаевге кайрылдык. Анын айтуусунда окуя төмөнкүчө болгон.

Сүрөттө: Милициянын ага лейтенаты Жоомарт Рысбаев Сүрөт автордуку Сүрөт автордуку

Сүрөттө: Милициянын ага лейтенаты Жоомарт Рысбаев
Сүрөт автордуку

Дагы сүрөттөр →

Үстүбүздөгү жылдын 10-февраль күнү кечке маал, Майковский көчөсүнүн 12-үйүнүн 27-батиринде жашаган, 1954-жылы туулган, учурда пенционер Мамасали Парпиев өз үйүндө олтурган. Келинчеги Кенже Тунибекова, 1970-жылы туулган, КИТЭП БатМУнун мугалими негедир келер убактысы болуп калса да, кечигип жатты.
Мамасали улам терезе жакты карап, келинчегин күтүп тынчы кете баштайт. Үйдө буга чейин деле мындай көрүнүштөр болуп келген. Анда да үй ичинде ызы-чуу болуп, кайра элдешип эртеси эрди-катын болуп, никеден өтпөсө да граждандык мамиледе жашашкандарына 12 жылдан ашык убакыт болуптур. Ортодогу 11 жашар уул алардын биримдигин бекемдеп турган менен, Мамасали Кенженин сырткы келбетине өзгөчө ашык болуп, анын айлана-чөйрөсүндөгүлөрдөн кызганып келгенин бүгүн өзү да жашырбай айтып олтурат.
-Аялымды ашыкча жакшы көрчүмүн, анын ар дайым менин жанымда болушун каалар элем. Кимдир бирөө менен турганын көрсөм кызганычым ашып-ташып кетчү-дейт Мамасали жер караган абалында көзүн жаштап.
Чындыгында Кенже сырткы келбети келишкен, узун бойлуу, ар дайым жайдары жүз менен жүргөн инсан болгон. Окуу жайда мыкты педогог эле эмес, уюштургуч, коомдук иштердин активдүү катышуучусу эле. Анын жүргөн жери күлкү-шаңга толуп, айланасындагылар аны ар дайым урмат-чый менен карашканын кесиптештир жашырышпайт.
Тагдырдын бир кемтиги катары анын үй-бүлөдөн жолу болбогону өкүндүрчү. Анткени үч баласынын аталары ар башка эле.
Ошентип 10-февраль күнү кечке жуук үйгө келген Кенже, күйөөсү Мамасалынын баягы көз карашына көнгөндөй үй тирикчилигине аралашат. Буулугуп олтурган Мамасали ары кажып, бери кажып жатып акыры ортодон дагы чуу чыгарат. Ортодогу жаңжал курчуп олтуруп, Мамасали Кенжени акыл-эсинен таңганча сабап, андан кийин экинчи кабаттан таштап жиберген.
Катуу жаракат алган Кенжени кошуналары көрүп калып, борбордук ооруканага жөнөтүшөт. Тилекке каршы Кенже Тунибекова 11-февралдын таңында каза болуп калат. Артында Мээрим, Гүлнара жана11 жашар баласы энесинен ажырап, ботодой боздоп кала берди.
Өлүмдүн себеби, себепсиз кызганычтан экендигин тастыктаган, Кызыл-Кыя шаардык милициянын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын ага лейтенаты Жоомарт Рысбаев, Мамасали Парпиевди Кыргыз Республикасынын КЖКнин 104-статиясынын 4-бөлүгү менен учурда убактылуу кармоо жайында кармалып турганын айтып, бери дегенде эле аны 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратыларын өкүнүч менен билдирди.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы