БИЛИМ, ИЛИМ

«Акыл тиректин» акылманы

Жакында Баткен Мамлекеттик Университетинин Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институтунун окуу маалымат департаментинин башчысы, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Гыязов Айдарбек «Акыл тирек» сынагынын жеңүүчүсү деп табылды. Төмөндө анын учурдагы иштери, окуу жайдагы аткарылып жаткан жумуштар жөнүндө суроо салганыбызда ал төмөнкүлөргө токтолду.

Гыязов Айдарбек «Акыл тирек» сынагынын жеңүүчүсү
Сүрөт автордуку

Бардык сүрөттөр →

КР эгемендүүлүк алгандан баштап окуу жайлардын саны бир канчага өстү. Саны өсүү менен бирге алардын ортосунда атаандаштык күчөп, билим берүүнүн сапаты, андагы окутуучу –профессордук курамдын сапаттуулугуна жогору маани бериле баштады. Ушул атаандаштык күрөштөн чыгуу жана КР ББжИМнин койгон талаптарын аткаруу максатында, биздин окуу жайдын жетекчилиги тарабынан билим сапаттын жогорулатуу жана жаш илимпоздорго колдоо көрсөтүү жагы жылдан жылга күчөп келүүдө.

Тактап кетсек, акыркы жылдардагы корголуп жаткан диссертациялар: 2012-2013- окуу жылында эле окуу жайыбызда 2 кандидаттык, 1 докторлук диссертация ийгиликтүү корголду. Алар экономика илимдеринин кандидаттык диссертациясы боюнча Гыязов А.Т., техника илимдерининин кандидаттык диссертациясы боюнча Зулпиев С.М., техника илимдеринин докторлук диссертациясы боюнча Зулпуев А.М. ийгиликтүү коргошту. 2010-жылы Балтабаев А.Г., экономика илимдери боюнча, 2007-жылы Анапияев К.Т. техника илимдери боюнча кандидаттык,  Примов Э.Б. 2004-жылы экономика илимдери боюнча докторлук, 2005-жылы Разыков Т.С. педагогика илимдери боюнча кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү коргошкон.

Мындан сырткары бүгүнкү күндө кандидаттык диссертацияларынын үстүнөн алгылыктуу иштерди жүргүзүп жаткан окутуучуларыбыз бар. Алар Базиева А.М.,техника илимдери боюнча, Мийзамов О.М.философия илимдери боюнча бүгүнкү күндө кандидаттык минимумдарын тапшырышкан. Эрматов А. К юридика илимдери боюнча алдын ала коргоодон өтүп ушул окуу жылында коргоо алдында турат.

Ошондой эле окуп жаткан жаш муундарга да шарттар түзүлгөн. ФК-09 тайпасынын студенткасы Мусаева Гүлзат ушул жылдын июль айында Германиянын Гамбург шаарында ДААД программасы боюнча бир айлык окуудан өтүп келген, ал эми спортчуларыбыз Узбекистан, Таджикистан, Россия, Казакстан, Кытай өлкөлөрүндө өткөрүлгөн оюндарда ийгиликтүү катышып келишүүдө. Окутуучуларыбыз АКШ, Россия, Турция мамлекеттеринде стажировкадан өтүп келишүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын май айында «Прогрессивдуу демилгелер фонду» тарабынан жарыяланган өлкөбүздө терең изилдөөлөрдү жүргүзүп, мамлекетке пайдалуу сунуштарын жана кеңештерин берип келген, бере ала турган, ошондой эле бул илимдин өлкөбүздү өнүгүшүнө салым кошуп жаткан 40 жашка чейинки жаш акылмандарыбыздын эмгегин баалоо үчүн «Акыл Тирек» деген жаш акылман наамын ыйгаруу менен «Акыл Тирек» китебине киргизүү үчүн жүргүзүлгөн сынакка катышып экономика илимдеринин кандидаты, доцент Гыязов А.Т. «Акыл Тирек» наамына ээ болуп, 7-сентябрда Бишкек шаарында өткөрүлгөн сыйлоо аземине катышып келди. Окуу жайыбыздын окутуучу курамы тарабынан бүгүнкү күндө 4 монография бир канча окуу- усулдук басылмалар жана окуу китептери жарыкка чыккан.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы