КЫЛМЫШ

«Баяман баатыр» базарында уурулук кылып жүргөн Өзбекстандын жараны кармалды

Кадамжай районунун Халмион айылындагы «Баяман баатыр» базарынан чөнтөк уурусу кармалды.
Кадамжай РИИБнүн ага тергөөчүсү Айзек Жумабаевдин билдиришинче, 1994-жылы туулган Өзбекстан Республикасынын жараны Нажиев Миржалал, Кыргызстанга өтүп бир канча кылмыштарды жасаган. Соода кылуу үчүн келген жарандардын чөнтөгүнө кол салып, уюлдук телефон жана акчаларды уурдап жүргөн.
Бүгүнкү күндө бул жаранга кылмыш иши козголуп, Кадамжай РИИБнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы