Жаштар сүйлөсүн
Гүлназ Адильева Адильевна, КИТЭП БатМУнун архитектор дизайин чөйрөсү бөлүмүнүн 1-курсунун студенти. Бүткүл дүйнөлүк системалык бизнес академиясынын окуучусу. Болгону 20 жашта. Ал жакында Бишкек шаарындап өткөн, МЛМдин (Эл аралык линиялык индустриялык маркетингинин) теориясын жана практикасын ишке ашырган автору, Оскар сыйлыгынын 15 жолку ээси, Эл аралык академиясынын негиздөөчүсү жана президенти Дубковский Владимир Евгениевичтин Бишкек шаарында өткөн семинар-лекциясында болуп кайтты.
Биз ошол лекциядан алган таасирлер боюнча ой бөлүшүүсүн өтүнүп кайрылганыбызда, Гүлназ кубануу менен макулдугун берди. Төмөндө ошол маекке көңүлүңүздөрдү бурабыз.
-Гүлназ, алгач сен барып катышып келген лекция жөнүндө жана анын негизги максатты жөнүндө сөз кылсаң?
-Лекция десе, кадимки студенттик партада отуруп уккан лексия деп түшүнбөңүздөр. Анын негизги максаты, адам баласынын учурдагы абалы, акыл-эс тутуму, жасап жаткан иштеринин жыйынтыгын аныктаган лексия болду. Адам баласынын турмуштагы жашоосу, максаты, аныкталмайынча алдыга кадам таштап, бийиктикке жетүүсү мүмкүн эместигин далилдеген, укмуштуудай лекция болгондугун сөз менен кантип жеткирер экем?
-Айта берчи.
-Сизге түшүнүктүү болсун үчүн сөздү «Алтын доордун» келүүсүнөн баштасам. Буга чейин «Муз доору», «Таш доору» болуп өткөндүгүн тарых барактарынан билебиз. Азыр биз «Алтын доордун» учурундабыз. Буга чейин «Балык доору» өмүр сүргөн. «Алтын доору» 2013-жылдын 21-декабрында башталды. Доор 25960 жылда бир жолу кайталанат экен.
Эсиңиздерде бар чыгар, өткөн жылы 2013-жылдын 21-декабрында, «Кыямат болот экен», «Майский календарь бүтүптүр» деген сөздөр улам-улам кайталанып жатканы. Көрсө, ошол учурда «Балык доору» бүтүп, «Алтын доор» анын ордуна келиптир. Эми ошол «Алтын доор» өз калыбына келгенче чейин бир аз убакыт керектелет экен. Тагыраагы 2015-жылы ал өз доорун баштайт.
Ушул жерден бир аз чегинүү жасап албасак болбостур. Тагыраагы, «балык доорунда эл уктап жаткан». «Алтын доор» андай эмес. Аз иштеп, акыл менен элге къп пайда келтирүүнүн, билим алуунун бийик деңгээлине чыгуунун мезгили. Кантип?-деген суроонун туулушу сөзсүз. Ага жооп, «Кудайга ишенүү, Аалам-деген дүйнөдө кандайдыр бир зор күч бар экендигине ынануу, жакшылыкка багыт берүү, таасир калтыруу».
Жөнөкөй эле бир мисал, акылда экеленүү бар десем дароо эле жок деп жооп берериңиз анык. Келиң ошого ынаналы. Акыл-экеленүү жаратат. Жүрөк чындыкты айтат. Кантип, кандайдыр бир ишти жасоодо сөзсүз акылга таянасыз. Акыл көрүп турган чындыкка, тажырыйбага таянат да, сизди акыл алдап коет. Ал эми жүрөк же «ички туюм» сизге так, даана нерсени айткан менен аны элес албайсыз. Качан гана иш өз натыйжасын бергенде, «сезген элем» деп өкүттө каласыз. Бул бир далил.
-Гүлназ, сенин сөздөрүңдөн кандайдыр бир диндик окшоштуктарды байкагандай болуп жатам. Сенин айткандарың дин менен байланышкан эмеспи?
-Жок. Менин сөздөрүмдө эч кандай динге тийешелүү сөздөр жок. Окшоштуктар бар экенгидиги анык. Дин дагы адамдарды жакшы жолго, ыймандуу болууга үндөйт. Бирок, ошону туура эмес кабыл алгандар башка жолго кирип кетип жатпайбы.
Мисалга, Сирияга кеткен балдар жөнүндө ар кандай сөздөр айтылууда. Алгач алар, чыныгы динди таанууга аракет кылгандар болгону анык. Аларды бир көз карашта тарбиялап жатып, «жан кечтиге» айландырып алгандар башкалар. Алар руханий байлык менен матиралдык байлыкты ажырата албай калгандар. Руханий байлык экиге бөлүнөт. Биринчиси жаман көрүү, жектөө болсо, ошонун эле артында айкөлдүк, берешендик бар экендиги. Экинчиси ички дүйнөнүн тереңдиги, акыл эстин баалуулугунда. Алар ошол баалуулук жөнүндө түшүнүк албагандыктан өздөрүн «жан кечтиге» айландырып алышкандыгында.
Сөз башында айткан, «Алтын доордо» булардын кылганы «арык аттап, суу кечпей калат». Анткени, дүйнө цивилизациясы жаңы доорго кадам таштады. Мындан ары «индиго» балдар дүйнөнү башкарууга өтөт.
-Индиго балдар дегениң эмне?
-«Индиго»-деген сөз, гений балдар деген түшүнүк. Алардын катарын 1990-жылдан бери төрөлгөндөр толуктайт. Түшүнүктүү болсун үчүн, так аныктамага келели. Учурда «жаштар тил албайт», «өз билгендерин кылып калышты», «жаштарды башкаруу кыйын», «башкара албай» деген сөздөрдү эл арасынан такай эле угуп жүрөбүз. Бул акыйкат. Балдар жаш өзгөчөлүгү менен эле айрымаланбастан, алар Акыл-Эс, ички туюм, алдын-ала сезүү менен да ата-энелерден бир кыйла алдыга озуп кетишти. Ата-энелер мурдагы «уйку-соо» абалында же эски замандын («балык доорунун») таасиринде.
Жаштар улам алдыга озуп, билимдүү, дилгир, көрөгөч, сезгир болууда. Буга таң калуунун кереги жок. Алар эртеңки жашоодо паракорлукту, бийлик алдында тизе бүгүүнү, бирөөгө баш ийип күн кор болуудан алыс болуп, чыныгы жашоонун ээси болуп калышат. Катачылыктарга жол бербейт. Күн кор, жашоодо илең-салаң болгондор өздөрү эле орун бошотуп, чыныгы жашоонун ээсине жол бошотот. Бир аз иштеп алайын, күтө тур бир аз, бул менин атам эле, тууганым эле дегенди билбейт. Мээнин жыштыгындагы «кадендер» ага жол бербейт.
-«Кадендер» деген кандай түшүнүк?
-Мээ 2 бөлүктөн турат. Оң жана сол бөлүкчөдөн. Мээнин жыштыгын же өлчөмүн аныктаган нерсе «каден» деп аталат. Ар бир бөлүкчөдөгү 64 кадендин 20-25 кадени гана адам баласынын мээсин иштетет. Эгер кадендердин 30 же 32си иштесе, ал адамдар гений же даанышман болуп чыга келүүсүн шарттайт. Азыркы «Алтын доордун» жаштарынын мээси мына ошого ылыйыкташып жаткандыгында. Андыктан буга таң калуунун зарылчылыгы жок. Эски сүрүлүп, жаңы доордун өктөмдүгү башталган учур.
-Гүлназ, айтып жаткандарың «көзү ачыктардын» сөзүндөй эле болуп жатат.
-Кечирип коюң, сиздин ички туюмуңуз жогорку чыңалууну тагыраак айтканда, энергияны менден кабыл алып жаткан менен Сиздеги күмөн саноолор дагын деле ынанбай жатат. Ошого карабай, Сиздеги кызыгуу, ички туюм балким, чыгармачыл адам болгонуңуздан жан дүйнөңүзгө бүлүк салып оодарылууда.
Жан дүйнөңүз сезип туюп эле турат бирок, эски калдыктар ага орун берүүгө «макул эмес». Аны жеңип чыгарыңызга ишенем. Бул нерсе ар бир адамда болору анык. Кадондору күчтүү, акыл-парасатты жеткендер аны оңой эле туюп билишет.
–Бүгүнкү жаштардан эртеңки улуу ачылыштарды күтсөк болот экен да анда.
-Алибетте. Учурдагыдай ызы-чуу, талаш-тартыш, митинг, пикет, бийлик ойну бүтүп баратат. Жол тосмой, колот-колотко бөлүнмөй, бийликке умтулмай, көр албастык, ушак-айың токтоп, Акыл-Эстин, билимдин бийлигине жакындап калдык.
–Лекция учурунда жогорку айтылгандарга кантип ынандың?
-Кыргызда бир сөз бар го, «жөн эле» деген. Жөн эле. Анткени, ар бир айтылган сөз ынанымдуу, практикалык мисалдар, күнүмдүк жүрүм-турум булардын ар бирине мисал болуп бере алды.
–Сөз жыйынтыгында эмне демекчисиң?
-Ар бир адам сүйлөгөн сөзүн, айтайын деген оюн, бирөөгө болгон ысык сүйүүсүн жашырбаса. Ар дайым ыраазычылыгын билдирсе. Кимдир бирөө жөнүндө ойлонгондо, сүйлөгөндө анын жаман жагын эмес, жакшы тарабын гана айтып турса дейм. Биз адамдар жамандыктан ушунчалык чарчаганыбызды эмнегедир ушул күнгө чейин сезбей жүргөнүбүздү билгибиз келбейт. Эки жүздүү, митаамчылык, куулук «балык доорунда» калды. Эми анын кереги жок. Ага эч ким ишенбейт.
Учурдагы маалыматтык заманда, ар бир адам «ички туюм» алдабасын интернеттен, теледен, радиодон, басма сөздөн байма-бай угуп өздөрүнө сиңирип жаткан кез. Эми алдоого мүмкүн болгон сыр ачылбадыбы.
–Ырахмат, маегиң үчүн. Сага ийгиликтерди тилейм.
-Ыраазы болуң.
Маектешкен: Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити