МЕЗГИЛ, ИНСАН, ОКУЯ

Абдуллаева Райкан

райхан
Кадамжайлык окумуштуулар
Рубрикабыздын бүгүнкү каарманы
Абдуллаева Райкан

Кандидат болуп илимдин,
Балдарга арнап билимин.
Курманжан датка энеңдей,
Абийирге жара элиңдин.

1956-жылы Кадамжай районунун Тамаша айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Орто билимге ээ болгондон кийин Ош мамлекеттик Университетинин филология факультетин аяктаган. Эмгек жолун өзү билим алган азыркы «А.Камбаров» атындагы орто мектебинде окутуучулуктан баштаган.
1990-жылдан баштап, Бишкек шаарындагы №5 Улуттук компьютердик гимназиясында, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде мугалим болуп эмгектенип келе жатат.
1994-1998-жылдарда Кыргыз билим берүү институтунун аспирантурасында окуп, “Кыргыз тилиндеги сөз айкашынын окутуунун методикасы”-деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган.
Бүгүнкү күндө Р.Абдуллаевна педагогика илимдеринин кандидаты, аталган окуу жайдын Мамлекеттик тил жана маданият институнда кафедра башчысы, доцент.
Эл агартуунун отличниги. Билим берүү министрлигинин «Ардак грамотасы» менен сыйланган.

«Эл жарчысы»

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы