БИЛИМ, ИЛИМ

Бүтүрүүчүлөрдүн кол кабышы

Кызыл-Кыя шаарындагы Караван айылында жайгашкан Мураталы Күренкеев атындагы орто мектептин директору Рабия Мусаева эжекенин билдирүүсүндө, май айынын аягында ушул мектептин 20 жыл мурун бүтүргөн бүтүрүүчүлөрдүн салымы аркасында, 1 комплект компьютерди алып келип өздөрү окуган класска орнотуп беришсе, 30 жыл мурун бүтүргөн окуучулар мектептин бир класстын айнек-терезелерин пласткадан койдуруп, жылуулап беришкен.

Мына ошол класстарда бүгүнкү күндө мотурайган бөбөктөр билим алышуу менен бирге, классты жаңылап берген ага-эжелерине чын дилдеринен ыраазычылыктарын билдиришүүдө.

Мектепти бүтүрүп кетишкен окуучулардын мындай демилгелери, кол кабыш кылган жакшылыктары жаш жеткинчектерге үлгү болоруна шеек жок.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы