КУРУЛУШ, ӨНДҮРҮШ

Талантбек Эшбаев: Баткенге курулушчулар керек болуп жатат

Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигине Баткенге областына барып иштеп бере турганга курулушчулар керек. Бул тууралуу басма сөз жыйынында Турак-жай-жарандык курулуш департаментинин директору Талантбек Эшбаев маалымдаганын “Барометр” кабарлайт.

Анын айтымында, ведомство курулуш тармагында иштеген адистерди иштешүүгө чакырат. Өзгөчө сыр сырдоочулар, усталар талап кылынат.

“Бардык кызыкдар болгон тараптардын жатаканасы аныкталат жана жакшы айлык берилет”,-дейт ал.

Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек арасында болгон чатакта 120 үй жана 84 социалдык объект талкаланган.

Барометр.KG

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы