Кыргызстанда армияга баруу согушсуз эле өлүм менен коштолуп жаткандыгы өкүнүчтүү. Буга албетте армияда тартиптин жоктугу себеп болууда. Аскерден качуу, сабалып ар кандай жарааттарды алып, майып болгондор да жок эмес. Жакында Нарын облусунан Баткен облусуна аскерге чакырылган уландын токмок жегени аныкталды.
2013-жылкы жазгы аскерге чакырууга Нарын облусунун Жумгал районунун аскер комиссариаты тарабынан чакырылган Рахат уулу Нурсултан Токтогул районунун аскер комиссариатынын чогултуу пунктуна келишет. 16-апрель күнү саат 23:00төр чамасында аскер кызматкери, сержант Б. Алибаев “эмне себептен уктабай жатасыңар” деген шылтоо менен Рахат уулу Нурсултанды катуу сабайт. Нурсултан алган жарааты менен Баткен облусунун Баткен районундагы 30630 аскер бөлүгүнө кызмат өтөөгө келет.
Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы кылмыштуулукту алдын алуу максатында иликтеген иш аракетинин негизинде бул кылмыштын бети ачылат.
Аталган факт боюнча 30630 аскер бөлүгүнүн үстөк мөөнөт аскер кызматкери, сержант Б.Алибаевдин үстүнөн КР КЖКнин 305-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасынын тергөөчүсү Сангимамат уулу Алмамбеттин айтымында, Рахат уулу Нурсултандын буттарынан жана колдорунан жана денесинен жарааттарды алган. Учурда абалы жакшы. Мындай кылмыштардын алды алынып, кылмыш жоопкерчиликтери жөнүндө жоокерлерге жеткирилип жаткандыгын айтат.
«Эл жарчысы»