Баткен облусунун Кадамжай районунда 2013- жылдын 11 ай аралыгында 2 мектеп окуучусу тоноочулук менен кармалган.
Кармалгандар Кадамжай шаарындагы Б. Айтматов гимназия мектебинин окуучулары.
Бул тууралуу Кадамжай РИИБнүн опер өкүлү Алмаматов Исабек «Кабар ордого» билдирди.
Кармалгандар кичүү класстын окуучуларына зомбулук көрсөтүп акча алышкан.
Район аймагында «Антирекет» операциялары жүрүп, профилактикалык түшүндүрүү иштери уланууда.
Эскерте кетсек, Кадамжай районунда үстүбүздөгү жылы 3 окуучу өз жанын кыйган.
Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы