МЕЗГИЛ, ИНСАН, ОКУЯ

Төрөбай Кулатовдун аялы, балдары келишип

Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал мамлекеттик жана коомдук ишмер Төрөбай Кулатовдун өмүрлүк жубайы, балдары Кызыл-Кыя шаарындагы борбордук музейге келишип, Төрөбай Кулатовдун 100 жылдыгына арналып ачылган атайын көргөзмө-кабинетине келишип, үйдөгү фото альбомдорун, жеке ишкер каттарын, тапшырышты. Ошону менен бирге музей үчүн түстүү телевизор, ДВД, дисктерди тартуу кылганына, шаардын маданият бөлүмүнүн башчысы Т.Кулматова терең ыраазычылык билдирди.
Быйылкы жылы Төрөбай Кулатовдун атын алып жүргөн Тоо-кен колледжинен 1359 окуучу турмуш жолуна аттанып, колдоруна бүтүрүү дипломдорун алышты.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы