ДЕН СООЛУК, МЕДИЦИНА

Кадамжайда 3 адамды түлкү тиштеген

el_kdm_001Кадамжай районунун аймагында жаныбарлардын тиштөөсүнөн жабыркап, медициналык жардамга кайрылгандар көп болууда. Райондук мамлекеттик администрациянын берген маалыматы боюнча, 2013-жылдын 6 айында 364 адамды түзүп,  мурдагы жылга салыштырмалуу көбөйгөн. Алардын ичинен ит тиштегендер-282, мышыктар-16, айыл чарба малдарынан жабыркагандар-44, келемиш тиштегендер-13, түлкүдөн-3, жылкыдан-2, эшектен-4 адамдар жабыркаган.

Кадамжай райондук ветеринардык башкармалыгынын башчысы Таир Мадимаровдун айтымында,өткөн жумада Бирлик айыл округунун жайлоосунан 1 кой, 1 музоо, Алга айыл округунун Көк-Талаа жайлоосунан 2 бодо малдан кутурма оорусу аныкталды. Аталган малдар өлтүрүлүп, көмүлдү. Кутурган малдар чөө бөрүлөрүнөн жуктурган.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы