САЯСАТ

Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусундагы өкмөттүн өкүлү болуп Мадумаров дайындалганын билдирди

Акрам Мадумаров Баткен обулусундагы өкмөт өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөтүнүн Баткен облусундагы жаңы дайындалган ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровду облусунун активине тааныштырды.

Премьер-министр жаңы ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындоодо анын эмгек жолу жана топтогон тажрыйбасы эске алынган да кошумчалады.

Мухаммедкалый Абылгазиев өз сөзүндө:

«Акрам Мадумаров облустун эң ири району Кадамжай районунун акими болуп иштеген. Ошондой эле борбордук бийлик органдарында жетекчилик кызматтарда эмгектенген. Ал аймактын көйгөйлөрүн, орун алган маселелердин маңызын жакшы билет, анын дайындалышы Баткен облусун мындан ары карай өнүктүрүүдө кызмат өтөйт деп ишенем», -деген пикирин билдирди.

Барометр.kg

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы