КЫЛМЫШ

Кадамжайда батир уурулукка шектүү, мурда соттолгон эки киши кармалды

Кадамжайда батир уурулуктардын бети ачылды.

Ушул жылдын октябрь айларынан тарта Кадамжай районунун Халмион, Үч-Коргон, Алга, Орозбеков, Марказ айыл аймактарындагы жашоочулардын турак-үйлөрүнө белгисиз жарандар түн ичинде кирип, үйгө керектелүүчү буюмдарды, башкача айтканда батир уурулуктар болуп жаткандыгын билдирип жабырлануучулар арыз менен кайрылышкан.

Жогорудагы бул фактылар Кадамжай РИИБнин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 200-беренесинин (уурулук) негизинде катталып сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Кадамжай РИИБнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, уурулуктарды жасап жүргөн шектүүнүн бири Кадамжай районунун тургуну 41жаштагы К.Т. өзү жашаган үйүнөн, ал эми анын шериги Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, мурда оор берене менен соттолгон 33 жаштагы Т.И. Кызыл-Кыя шаар аймагынан аныкталып кармалды.

Кармалган шектүүлөрдүн үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда мурда уурдалган далил буюмдар аныкталып алынды.

Бул шектүүлөр 8 жолу батир уурулук жасашып, жабырлануучуларга жалпысынан 400 миң сомго жакын материалдык зыян келтирген. Ош, Ноокат, Жалалабад облусуна уурдалган буюмдарын саткандыгы аныкталып, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө сатылган буюмдар кайтарылып алынды.

Азыркы күндө шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Барометр.kg

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы