КЫРСЫК

Лейлекте болгон сел кой-эчкилерди агызып кетти

Баткен областынын Лейлек районунда сел жүрүп, ички чарбалык жолдор бузулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаган.

Аталган маалыматка таянсак, 5-августта болжол менен саат 16:00дө Тогуз-Булак айыл өкмөтүндө нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жүргөн. Анын кесепетинен 2700 метр ички чарбалык унаа жолдору бузулган, 1 турак-жайдын короосун, 20 участканы кум шагыл каптаган, 2 кой жана 2 эчкини суу агызып кеткен.

Миң-Жыгач айылында 2000 метр ички чарбарлык жолдор жарактан чыккан, 2200 метр каналга кум-шагыл толуп калган.

Айбийке айлында 1600 чакырым ички чарбалык жол жуулуп кеткен. Бүгүн 6-августта аймакты тазалоо иштери уланып жатат.

Барометр.kg

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы