КЫЛМЫШ

Катардагы жоокерди токмоктогон офицердин иши соттук кароодо

el_kdm_001Баткен облусунда аскерди токмоктогон офицерге карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктап, соттук кароого жиберилди.
Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасынын тергөөчүсү Сангимамат уулу Алмамбеттин айтымында, 2013-жылдын 20-август күнү Баткен шаарында жайгашкан КРнын Өзгөчө Кырдаалдар министрлигине караштуу 3-издөө куткаруу отрядынын катардагы жоокери Р.Үсөн уулу өзүн-өзү өлтүрүү максатынджа ашканада асынып алган. Катардагы жоокердин асынганын аскер кызматкерлери байкап, өмүрүн сактап калган.
Бул окуя боюнча Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Катардагы жоокер Р.Үсөн уулун аталган отряддын офицери ага лейтенант Юсупов 2013-жылдын 5-июль күнү жоокерлер ашканасында ур-токмокко алган. Катардагы жоокер Р.Үсөн уулу ажатканага качып барганда, офицер артынан барып ажаткананын ичинде да токмоктогон.
Аталган факт боюнча офицер ага лейтенант Юсуповдун үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөөдө КРнын КЖКнин 305-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда кылмыш менен айыбы угузулуп жана соттук кароо үчүн Баткен гарнизонунун аскер сотуна жиберилди.
Бүгүнкү күндө жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иш соттук кароодо.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы