КООМ

Он жылдан кийин табылды

Азыркы учурда мамлекетибиздеги жумушсуздуктун, экономикалык кризистин айынан сырткы миграция аябай күчөп, атүгүл 480 миңден ашуун атуулдарыбыз Россиянын граждандуулугун алып отурушат. Баткен дубанындагы ар бир үй-бүлөдөн кур дегенде бир уул же кыз тентип кең Россиянын калаалары менен айылдарында көчө шыпырып, ажаатканаларды тазалап, имарат куруп же идиш-аяк жууп орус жасабаган кара жумуштарды аткарышып эптеп өз жанын да, бала-бакырасы менен ата-энелерин да багып жатышат. Кээ бир иши жүрүшкөндөрү пул жыйнашып чет элдик үлгүдөгү автоунааларды сатып алышууда, там салышууда, дүңгүрөтүп той-тополорду өткөрүшүүдө. Бирок, ошол бир миллионго чукул бечаралардын арасында арып-тозуп, ооруп азап тарткандары, аферист-алдамчылардын торуна түшүп кыйынчылыкка баткандары, бузулуп сойкуга айлангандары да жыл сайын арбып бара жатат. Медиктердин расмий маалыматтары боюнча Россияга барып боюна бүтүрүп келген келиндердин 90 пайызы оорукчан экен. Бул элди, мамлекетти ойлондура турган, трагедиялуу цифра. 90 пайыз наристе оорулуу төрөлүүдө. Кыргыздын генофонду, таза тукуму, дени сак улут деген не болот, азиздерим?! Кадамжай районунун борбору Кадамжай шаарындагы сурма комбинатында көп жылдар бою электрик жана ширетүүчү кесибинде үзүрлүү иштеп жүргөн төрт кыз, бир уулдун атасы Сейдалы Темирбаев да көпчүлүктүн шарапаты менен комбинат жабылган соң мындан туура он жыл илгери же 2002-жылдын 1-ноябрында Москваны көздөй жумушка аттанат. Алгач Калуга областынын бир деревнясында аферист ортомчуларга туш болуп негизги документи паспортун алдырып коёт. Түзүктөп тамак-аш же жарытылуу айлык бербеген, жатаканасы абдан начар жерден тобокелге салып, эч бир документи жок түн жамына качып чыгат. Ошентип бечара замандашыбыз карыпка айланып, календерлерче Казакстанды карай акырындап жер кезип жөө-жалаңдап жүрө берет. Шаарларда, айылдарда туш келген, маянасы арзыбаган оор жумуштарды аткарат. Кавказдыктар менен орустардын малын, атүгүл чочкосун багат, дачасын, үйүн кайтарат, көчө шыпырат. Айына болгону 1000 рублден айлык беришчү экен. Жаткан жери анчейин жайлуу эмес. Көп төлөсөк качып кетеби деп ойлошсо керек. Тагдырдын жазмышы менен бир жарым жылдан ашуун мөөнөткө абакта отуруп чыгат. Кыскасы атактуу акын Токтогул Сибирден сүргүндөн качкандай С.Темирбаев да Россия Федерациясынын Калуга, Волгоград, Астрахан облустарын дервиштерче аралап, ачка калып, жамгырга, туманга, карга кабылып эптеп жакшы адамдардын жардамы менен суу тартылган кезде деңизге куюп жаткан дарыяны кечип боордош Казакстандын Аркалык облусуна карай өтөт. Ага боору ачыгандар үйүнө киргизип, нан, ысык оокат, жолго азык беришет жумуш табышат. Наадандар келекелешет, бекерге иштетишет. Уюлдук телефонун жана жолдон таап алган ондатрдын терисин сатып жол кире кылат, азык алат. Мээримдүү адамдар автомашинасына салышат, товардык поезддер токточу темир жол станциясын көрсөтүшөт. Кыскасы не деген азаптарды көргөн жердешибиз былтыр күзүндө Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы Чүй дарыясын кечип өз Ата Журтуна өткөн. Колуңда документиң болбосо бир жерге жумушка жайгашуу абдан кыйын эмеспи. Сейдалы селсаяктык турмушка туш болду. Ысык-Көлгө жалданып барып иштеп келди. Бирок, кожоюндар анын кейпин көрүшүп, жарытылуу акча төлөшкөн жок. Эң аягында Кадамжайдан чыккандан туура он жылдан кийин аны ордо калаабыз Бишкектин С.Ибраимов жана Бөкөмбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу тамдын жанында жумуштан эс алып отурган жеринен менин келинчегим Мөөркан менен кайнежем Бүзейнеп таанып калышат. Амандашып көрүшкөн соң, сурашып анан уюлдук телефон аркылуу келинчеги Замира жеңеге, он жыл бою зарлап күтүп, жатышкан кыздарына кабарлашат, сүйүнчүлөшөт. Кубанычтуу кабар баарына эле бат жетет. Аны издеп артынан Москвага барышкан кыздары, бир тууган иниси Сайпидин, Бишкекте ооруканада даарыланып жаткан кызы Нуржамал кубанычтары койнуна батпай, жүздөрүндө кубаныч ойноп, шаттыктын көз жаштарын төгүшөт. Он жыл бою дайынсыз жоголуп, өлүүсү же тирүүсү белгисиз адамдын кокусунан табылышы сенсация эмеспи.
Биз аны Бишкектеги үйүбүзгө алып келип жылуу орунга жаткырдык, ысык оокат бердик. Нуржамал кызы мурда иштеген кафенин ээси менен бирге баштан аяк жаңы кийим-кече алып берип, жылуу мончого түшүрүштү. Мен өзүм менен чогуу таксиде ала келип, Кадамжай шаарындагы аялы, неберелери, бир тууган эжеси Сурма апа, жээндери менен жолуктурдум. Өзүм профессионал журналист болуп жүрүп мындай окуяга түк кабылган эмес элем. Сейдалы акеден ошончо жыл жер кезип жүрүп неге үй-бүлөңүзгө бир кабар берип койбодуңуз? Деп сурадым. Анткени, бул жактагылар эзилип, ичинен ирип, же өлдү деп айта албай, же бар деп жүрө албай аябай сарсанаа болушкан эле. А түгүл кыздары Россиянын телевидениесиндеги «Жди меня» көрсөтүүсүнө да кайрылышкан экен.
—Ээ, иним мен көргөн күндү эч ким көрбөсүн. Бар экенимди билгизбегенимдин себеби биринчиден өзүмдү өлгөн адамдардын катарына чыгарып койгон элем. Экинчиден, мен намыскөймүн. Үйүмө, балдарыма куружалак, пулсуз баргым келбеди.
Ооба, Сейдалы Темирбаевди кудайым өзү сактаган тура. Он жыл бою өзүн таза алып жүрүүгө, аялдарга кошулбоого аракет жасаптыр. Болгону бир-эки жолу ысытма чыгып сыркоолодум дейт замандашым. Азыркы ден-соолугу дурус. Анын никеге туруктуу аялы Замира жеңенин эркине тан койдум. Өзү чеберчилик кылып, беш баласын «канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай» эрезеге жеткирди. Кыздарын турмушка чыгарды. Неберелүү болду. Никеге бек аялзаты мындан артык кандай болсун! Он жыл деген он күн эмес го акыры! Бул мезгилдин аралыгында анын бир тууган акелери Жоробай, Сайдимар абалар, эжеси Бурма каза болушту. Канчалаган жакындары, классташтары, достору дүйнөдөн кайтышты. Сейдалы аке айтып отурса өзүнчө эле бир романга ылайыктуу окуялар, турмуш экен. Анын соңу, эпилогу кубанычтуу бүттү. Эми алдыда аны элеттеги жашоого көнүктүрүү, ден соолугун чыңдоо милдети, жоголгон документтерин даярдап алуу, тууган-туушкандары, достору, жердештери менен жолугушуу ыракаты турат. Мээрбан кыздары эми атасын Россияга таптакыр жөнөтпөй өзүбүз багабыз дешет. Айылда болсо далее жарытарлык жумуш жок. Кантишер экен? Жаңы жерлерди өздөштүрүп, акырындап там салып, бак тигип, малина өстүрүп же өзүнүн кесиби менен үй куруп иштесе деле болчудай. Ылайым заманыбызда тынчылык жана жакшылыктар болсун! Уул-кыздарыбыз жоголушпай бактылуу жашашса экен. Оорубаңыз, жакшынакай үмүт-тилектериңиз ишке ашсын Сейдалы аке!

Адылжан Жажанов, Кадамжай шаары

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы