КООПСУЗДУК

Чек ара кызматы: тажикстандыктар такталбаган жерге тосмо куруп алышкан

Чек арадагы чыр кечээ Баткендин Лейлек районунун Максат айылындагы кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде катталган.

Тажикстандын жарандары Баткендин Лейлек районунун Максат айылында кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган жерге тосмо курган. Мындай билдирүүнү УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Окуя аталган аймактагы “Футбол талаасы” деп аталган такталбаган участкада болжол менен 18:30дарда катталган. Анда Тажикстандын Овчи-Калача айылынын тургундары өз алдынча тосмо тургузушкан.

“Буга байланыштуу Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү тез арада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, курулушту токтоткон”, — деп айтылат Чек ара кызматынын билдирүүсүндө.

Азыркы тапта аймакта абал туруктуу деп сыпатталууда. Чек ара кызматы кырдаалды көзөмөлдөп жатат.

Спутник.kg

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы