МАЕК

Камсыздандыруу калк үчүн керек

Рахматилла Мурзаев, Кызыл-Кыя шаардык социалдык фонд башкармасынын башчысы. Ал 2012-жылдын август айынан бери бул мекемени башкаруу менен, Туруктуу өнүгө турган пенциялык системаны колдоп, анын өз алдынча иш жүргүзгөн социалдык фонддун жетишкендиктерин улантуучу катары эмгектенип келет.
Жакында Р. Мурзаев менен иш бөлмөсүндө жолугуп, учурдагы маселелер, алдыдагы иш-чаралар тууралуу маектешкен элек.

Сүрөт автордуку

Сүрөт автордуку

Рахматилла Мурзаевич, Кызыл-Кыя шаарында учурда канча пенциянер бар, аларга чегерилген сумма ай сайын берилип жатабы? Сөздү ушундан баштасак.
-Кызыл-Кыя шаарында 2013-жылдын жыйынтыгы менен айтканда, 5327 пенциянер бар. Аларга чегерилген 274 612 600 сом пенция таркатылып берилди. Орточо алганда ар бир пенциянерге 4296 сомдон туура келет.
Дыйкан-фермерлердин социалдык төлөмдөрү көбөйөт экен деген сөз бар эле, ушул туурасында сөз кылсаңыз?
-Бул туурасында кеңири сөз кылбасак болбос. Учурда дыйкан-фермерлер бир жылда бир жолу 400 сом өлчөмүндө социалдык төгүмдөрдү төгүп келүүдө. Бул негизинен туура эмес. Бир дыйкан чарбада бир канча мүчө болгондуктан, 400 сомдук төлөм жан башына бөлгөндө тыйынга гана туура келүүдө.
Суроо туулат? Ошол жан пенсия жашына жеткенде канча пенсия алышы керек? Жашоо минимумуна жетпеген пенсия өлчөмү ансыз да төмөн чакта, ал адам арзыбаган пенсияга ээ болот да өмүр бою нааразы болуп жүрөт. Пенсия деген-пенсияга чыккан адам буга чейин алып жүргөн айлыктын ордуна төлөнө турган, ошонун ордун баса турган камсыздандыруу төлөмү болуп эсептелинет. Кимде ким көп камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөсө көп, ким аз камсыздандыруу төгүмдөрүн чолгултса аз пенсия ала турган шарт.
Көрдүңүзбү? Жогоруда сөз кылган дыйкан-фермерлер 400 сомду ар бир жан башына төлөйт да арзыбаган пенсияга чыгууга мажбур болушат. Ошондуктан дыйкан чарба, фермерлерде эмгектенгендердин пенсиясы жогору болсун деп, аларга төлөмдөрдү көбөйтүү жагын жыл башынан бери эле түшүндүрүп келебиз.
Жыл жыйынтыгында айыл чарбасынан түшкөн камсыздандыруу төгүмдөр 686.6 миң сом болду. Мындайча айтканда пландан ашыкча 151.7 пайызга көп камсыздандыруу төгүмдөр жыйналды.
Караван элинин өтүнүчүн аткарып, учурда ошол жерде эмгектенген Арзыкан Артыкованы социалдык камсыздандыруу бөлүмүнө олтургузуп койгонбуз. Алардын сөзсүз түрдө эле шаарга келип төгүмдөрдү төгүүсү шарт эмес.
Социалдык төлөмдөрдү жеке ишкерлерден чогултуу кандай жолго коюлган?
-Азыр өткөн жылдарга караганда бир топ жакшы десек болот. Салыштырып көрүң, 2011-жылы жеке ишкерлерден 1231.5 миң сом төлөм жыйналса, 2012-жылы 3099.8 миң.сом ал эми 2013-жылы 7228,2 миң.сом көп жыйналган. Пайыздык өлчөм менен алганда 586,9 пайыз мурунку жылга салыштырмалуу өсүш болду.
Жыл жыйынтыгынын шаар боюнча аткарылышы кандайча ишке ашты. Жыл көрсөткүчү жаман болбогондур?
-Социалдык төлөмдөр башка жылдагыларга караганда жакшы төгүлдү. Шаар боюнча182. 535.500 сом чогултуу керек болсо, аны биздин кызматкерлер ашыра орундатып, 184.120.900 сомго жеткиришти. Андыктан жамааттагы кызматкерлерге терең ыраазычылык билдирем.
Айрым учурларда жеке ишкерлердин камсыздандыруу полистерин алуудан баш тартып калышканына күбө болуп келебиз. Камсыздандыруу полистерин пайда жана зыян жактарына токтолсоңуз?
– Камсыздандыруу полистерин алуудан качуунун кереги жок. Андан болгону социалдык камсыздандыруу үчүн жеке ишкердин ишкердигинен 25 пайыз гана бизге келип түшөт. Пайдасы пенсия төлөмүнө кошумча акча түшөт, полистке ээ болот (ооруканага жатканда, майып болуп калса ж.б.), Зыян жагыбы? (Күлүп). Зыян жагы өз учурунда төлөп туруу болсо керек?!
Рахматилла Мурзаевич, пенсиядагы теңсиздик жөнүндө сурагым келип турат. Биздин шаарда 80-90 миң сом алгандар барбы?
-Түшүндүм. Бизде андайлар жок. Персоналдык пенсионерлер бизде эң 10000 сомдон жогорку алган 4-5 адам эле бар. Калгандары кадимки эле пенсия алгандар.
Пенсиядагы теңсиздик жөнүндө айтып калдыңыз, ага карата менин жеке пикирим бар. Кечээ эле Жогорку Кеңештин «Ардак громатасын», түрдүү наамдарды алып эле эртеси пенсияга чыга калгандар. Алардын ордуна белгилүү шахтер, элге эмгеги сиңген баатырларга берсе жарашмак. Ушул теңсиздик дайым мени ойлондуруп келет.
Ырахмат, маегиңиз үчүн.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы