ДЕН СООЛУК, МЕДИЦИНА

Кыргызстанда 11-июлдан тартып массалык түрдө эмдөө башталды

Кыргызстанда 11-июлдан тартып коронавируска каршы массалык түрдө эмдөө башталды. Бул тууралуу брифинг маалында өкмөт башчынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирет.

Ал 1 млн 312 миң 450 адам эмдөөдөн өтүшү керек экенин билдирди. Булар: дарыгерлер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жаш курагы 65 жаштан жогору адамдар.

“Жашы 18 жаштан жогору ар бир каалоочу эмдөө ала алат”,-деп айтты Бакашова.

Парктарда, скверлерде, соода борборлорунда дагы убактылуу эмдөөчү пункттар ачылууда.

“Кытайдан келген вакцина түнү менен аймактарга жеткирилди”,- деп айтты Бакашова.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы