Адамдын ар бир клеткасы өзүнөн-өзү кубат алып, карыбай жашоого ылайыкталган, ошол кубат алуудагы кандайдыр бир кыянатчылыктан улам адам карылыкка моюн суна баштайт. Бул болжолдуу теорияны япон окумуштуулары далилдегендей күтүлбөгөн бир жыйынтыкка келишти.
Өткөн кылымдын токсонунчу жылдарында изилдөөчүлөр түшүндүрүп болбогон бир ажайып көрүнүшкө туш болушат: 75 жаштагы кемпир жөндөн-жөн эле, өзүнөн-өзү эле жашара баштайт! Бели бүкүрөйүп калган Сэй Скнагон денеси делөөрүп жашарып баратканын сезет. Адегенде анын агарган чачы карара баштайт, анан көп өтпөй тишинин бүлкүлдөгү канап, тишине тиш кабын кие албай калат. Сэй тиш доктурга барса, тиш доктур ага баланын тишиндей болуп, жаңы тиши жарылып келатканын айтат.
Андан дагы ай өтпөй андан кызык окуя болот. Түндөрдүн бир түнүндө Сэй денеси дүүлүгүп, эмнегедир эркекти эңсеп, делбетап болуп ойгонот. Кышкы алманыкындай бырышкан беттеринен бырыш кача баштайт. Эки ай өтүп-өтпөй эшикке чыкса, эзелки эзилишкен тең-туштары Сэй ушунча жашарып кеткендиктен, аны тааныбай калышат. Жыл айланбай этек кири келе баштайт.
Кемпир кер-мур айтышпай, элүү жыл бирге жашаган күйөөсү менен ажырашып, апта өткөрбөй кырк жаштагы эркекке турмушка чыгат. Иши оңолгондун ити чөп жеп, жылга айланбай эркек бала төрөп берет.
Геронтология институнун кызматкерлери бул керемет көрүнүштү көп жылдан бери изилдеп келатышат. Герантологдор Сэйдин генинен картайтуучу клеткаларды жоготуп жибере турган клеткаларды табышкан. Окумуштуулар ойго келбеген жыйынтыкты жарыялашты. Көрсө гендеги башкарылбай, өзүнөн-өзү албууттанып буркан-шаркан түшкөн клеткалар рак ооруларын пайда кылат экен. Ошол клеткалар жаштыктын генин “жинди болуп” оорулуу клеткаларды жоготпой, соо клеткаларды соолтот дешет. Азыр япон медиктери: адам жаралганда эле денесин аны өлүмдөн сактай турган өзүнчө система коюлганын, картаюу адам организми үчүн болбой турган нерсе экендигин чечкиндүү айтып чыгышты. Бүгүнкү күндө изилдөөчүлөр ошол үргүлөп турган системаны активдүү иштетүүгө мажбурлоо керек деп жыйынтыкташты. Бирок кемпирдин гениндеги жаштыктын “жалындап” кетишине эмне себеп болгонун азыр да ачык айталбай келатышат.
«Эл жарчысы»