«Казан-аяк кагышат, ээри-катын урушат» – дегендей ар бир үй-бүлөдө казан-аяктар кагышпай койбойт. Турмуш, жашоо, тиричилик деген соң, турмушта өйдө-ылдый, ысык-суук күндөр болот. Кээде барчылык, кээде жокчулук, а кээ күндөрү түшүнбөстүктөр да болбой койбойт.
Тээ илгертен эле улуу кыргыз элинде кыз баланы турмушка узатууда, тактап айтсам турмуш деген даңгыр жолго жол көрсөтүп салаар кезде, ага сеп берип келген. Мына ошол ата-бабалардан калып, кылымдан кылымга өзүнүн барктуулугун, салттуулугун жоготпой бүгүнкү күнгө дейре өз учугун уулап келет.
Дал ушул септи бергенде энелер ылайым ушул кызым барган жеринен бакыт таап, учу узарып, куттуу коломтосунун оту өчпөй, мындан ары жашоо турмушу жакшы нук менен куралсын жана башка ушул сыяктуу асыл тилектер менен кызга курак жаздык, жууркан, жамынчыларды берген.
Улуу муундуу кыргыз элинде дагы бир жакшы салт катары колдонулуучу нерсе бар, ал кыз барган үйдүн очогуна энеси таш салып койчу экен. Мунун мааниси эми айтпасак да белгилүү да. Ошол таш жарылмайын оозуңдан сөз чыкпасын дегендей же болбосом кайын журтуңа, жолдошуңа дегеле эч бир жаман сөз, ашыкча сөз оозуңдан чыгара көрбө, ошондо бакытка жетесиң – деп коюшкан.
Эми темадан алыстабай айтсам бүгүнкү күндүн дагы бир орчундуу маселелеринин бири үй-бүлөлөрдөгү зордук-зомбулук десем болот. Анткени мына ушунун айынан канчалаган жапжаш кыздар он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек секелектер турмушка чыгып эле, эр деген ушул экен да башына келген насибине жазылган тагдырдан баш тарта албай каардуу турмуштун туткунуна айланып жатышат.
Күйөөлөрдөн көргөн ур-токмок, зордуктары, ал гана эмес кайын энелердин суук тилдерин агытканда байкуш келиндер эмне кылаарын билбей өз көлөкөсүнөн өзү корккон коёндой болуп ачуу тагдырына баш ийип, ага жипсиз байланып, оор турмуштарынын жеп-женил туткуну болуп калышат.
«эрди эр, аны кара жер кылган да бул аял» деген сөзгө кээде ынансаң, а кээде ал сөзгө кошулгум келбейт.
Себеби, үй-бүлөнүн таттуу, анан турмушта татыктуу жашап кетишине бир гана аялдын же эркектин ага карата жасаган аракети аздык кылат.
Эгер бир үй-бүлө турмушта таттуу жашоону ниет кылса, анда ага үй-бүлө мүчөлөрү бирдей аракет кылып, алга карай умтулса, анда турмуштагы бакыттын тээ чокусуна чыга алат деп айтаар элем. Аял бул мени, сени, аны тогуз ай көтөрүп, тогуз күн толготуп санаа тартып жарык дүйнөнү тартуу кылган эне
Аял бул түн ичинде кирпик какпай, кабак кашым дебей түн оокумда уйкусун бөлүп караган эне
«бейиш эненин таман астында» деп коёт анан кантип ошол ойго батып, санаа тартып жарыктыкты тартуу кылган энеге, сенин балдарыңдын энесине кол көтөрөт эркек заты. Аял кишиге кол көтөргөн эркек бул анын эң эле алсыз экенин жана жашоодо өз турмушун өзү алып кете албай айласы кеткенде күчүн аялга чыгарат деп айтам.
Эгерде аялын күн сайын ур-токмокко алып, анысы аз келгенсип суук тилин кулач жайып согуп турса, жаны кашайган аял кантип анан унчукпай калгысы келет, бир күн чыдасын, эки күн чыдасын анан айласы кетет, «баардык нерсенин акыры аягы болот» дегендей чыдамы кеткенде анын да суук сөздөрү башталат аз-аздан акырындап.
Мына ошондо үй-бүлөдөгү чыр күчөп акыры аягы ажырашуулар менен бүтөөрү айпасак да белгилүү. Мындай учурларды айтып отурсаң учу-кыйыры жок томдуу романга айланат десем болот. Ал эми ушундай курч кырдаалдардан улам канчалаган балдар ара жолдо тирүү жетимге айланып, жигиттерибиз болсо «үйдө баатыр жоодо жок» дегенден болуп кээ бирлери же турмуштан жолу же үй-бүлөсүнөн жок болуп, кыздар-жаш энелер күйөөлөрү тирүү туруп аларды тулга айлантып канчалаган жаш бүлөөлөрдүн турмуш оту тутанбай ара жолдо калып кетип жатышат.
Жогоруда айтып өткөн маселелерге жеке эле эркектерди күнөөлөгөндө болбойт, анткени беш кол тең эмес дегендей баары бирдей болушпайт. Учурдун маселеси катары көпчүлүктү кооптондурган педофилия, башкача айтканда бача базчылык мына ушул толук кандуу үй-бүлөлөрүнүн жоктугунан келип чыгып жаткандай.
Сөздү айта берсен андан ары учу кыйырсыз кете берет уланып, андыктан мамлекет башаты үй-бүлөбүздү бек сактап. Бала-бакырага толук кандуу ата-эне тарбиясын ыраа көрүп, келечек үмүттөрүбүз болгон мотурайган бөбөктөрдү тирүү жетимге айлантуудан, ошондой эле аялзатын алаканга салып, бүлөө башаты эркектерге чыныгы патриоттук дем менен жашап үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка жол бербей коломтосунун отун өчүрбөй сактап калышса экен деп ар бир кичинекей малекетибиз болгон үй-бүлөө ээлерине бакыт каалаймын!!!
Тешебаева Назгүл
Кадамжай району, Каражыгач айылы