КУРУЛУШ, ӨНДҮРҮШ

Сүлүктү шаарында 46 млн сомго маданият борбору курулат

Баткен облусунун Сүлүктү шаарына маданият борбору курулат. Бул тууралуу Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров билдирди.

Анын айтымында, 2022-2035-жылдары Баткен облусун өнүктүрүү долбоорунун алкагында Сүлүктү шаарында маданият борборун салуу үчүн 46 млн сом бөлүнөт.

Ушул жылдын аягына чейин шаардык маданият бөлүмү, шаардык китепкана, шаардык музей жана искусство мектеби жаңы имаратка ээ болору айтылды.

Булак: Турмуш

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы