Альвеококкоз – оорусунан сактангыла, ал коркунучтуу дарт!

Альвеококкоз – оорусунан сактангыла, ал коркунучтуу дарт!

Раимкулов Курсанбек Мамасалиевич – биология илимдеринин кандидаты, Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери, жогорку даражадагы врач- паразитолог,И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасынын окутуучусу.

Альвеококкоз – оорусунан сактангыла, ал коркунучтуу дарт!

Курсанбек Мамасалиевич, бул ооруу эмнеси менен өтөкоркунучтуу?

Альвеококкоз личинкасы организмде уулу заттарды бөлүп чыгаруу менен ууландырылып, бул органдардын (боор, өпкө ж.б) ткандарын иштешин начарлатып, кызматын аткара албай калууга дуушар кылат, өтүшүп кеткен учурда ооруларга медицина хирургиялык жол менен гана жардам көрсөтө алат. Оорулуу кеч кайрылгандын кайгысы, кыйынчылыгы аны айыктырууда операциядан башка айыктыруучу каражаттын жоктугунда. Өз учурунда хирургиялык жардам берилбесе адам өлүмгө учурашы мүмкүн.

Альвеококкоз оорусуну козгоочу мите жөнүндөайтып берсениз?

Ооруну козгоочу — альвеококк тасма сымал мите курту болуп эсептелет. Алардын узундугу 2,7-5,0 миллиметрге жетет. Бул мите курттун өзгөчөлүгү, ал эки циклде өөрчүйт. Альвеокок өзүнүн өрчүшүнүн биринчи стадиясында көбөйүүгө жөндөмдүү жыныстык жактан жетилген түзүлүшкөөтөт да, негизинен иттин ички ичегисинде митечилик менен жашайт.

Альвеококк куртунун түзүлүшү.

Иттин ичегисинде өсүп жетилип, 70 — 100 күндөн кийин күнүнө иттин заны менен 800-1000ден жумуртка бөлүп чыгара баштайт. Мите курт иттин ичегисинде 5-6 ай жашайт да, алардын саны бир нече мин даанага жетет. Азыркы убакта жеке эле иттин ичегисинде митечилик кылбастан, 20дан ашуун жырткыч айбанаттардын — карышкыр, түлкү, чөө, сүлөөсүн жана башкалардын ичегисинде митечилик кылаары да белгилүү болду.

Өсүп — өөрчүшүн экинчи стадиясы — личинка негизинен адамдын органдарында өсүп – өөрчүйт да, ооруну пайда кылат.

Бул оорунун өөрчүп өнүгүүсүжана адамга болгон зыяндуулугу жөнүндөайтып берсениз?

Жыныстык жактан өсүп жетилген мите курт негизинен оорунун негизги ээси болгон иттин, түлкүнүн, карышкырдын ички ичегисинде митечилик менен жашап, өзүнүн жумурткалары иттин жана башка жырткыч айбанаттардын заны менен айлана чөйрөгө тарап, жалпы аймакты булгайт жана көпкөсакталат. Көпчүлүк учурда альвеококктун жетилген муунакчасы иттин жана башка жырткыч жаныбарлардын аналдык тешикчесинен өз алдынча сойлоп чыгып, жүндүн арасында соймондоп жүрүү менен, ошол жырткычтын терисин, жүндүн арасын көптөгөн жумурткалар менен булгайт. Ошентип, бул оорунун үй жаныбарларына, адамга жугуусуна толук шарт түзүлөт. Адамга оору ушул альвеококк жумурткалары менен булганган мөмө-жемиштерди таза жуубаган учурда, кайнатылбаган сууну ичүүдө, ит, мал менен байланыш болгондон кийин колду жуубай, жеке гигиенаны сактабаган учурда жумуртка адамдын оозуна, андан ары тамак синирүү органдарына кирүү менен башталат.

Ал эми айырмачылыктары боюнча айта турган болсок альвеококк жана эхинококк мите курттары бир эле тукумга кирет, бирок алар бири бири менен түзүлүштөрү боюнча айырмаланышат. Мисалы: эхинококкоз оорусу боордо шар түрүндөакырындык менен чоноюп жаны төрөлгөн баланын башындай өлчөмгөжетсе, альвеококкоз оорусу акырын өсүп жүрүп олтуруп боордон башка органдарга өтүп кетүүсү менен коркунучтуу. Түзүлүшү боюнча эхинококк жана альвеококк мите курттары жыныс органдары менен бири бири менен айырмаланат.

Бул оорунун тарыхына токтоло кете турган болсок, бул оору илгертеден эле келе жаткан оорулардын бири. Илгери эле ата-бабаларыбыз бул эхинококкоз оорусун “Кулапса”, ал эми альвеококкоз оорусун «Кара сарык» деп айтып келишкен экен.

Эхинококкоз жана альвеококкоз личинкасы организмде уулу заттарды бөлүп чыгаруу менен ууландырылып, бул органдардын (боор, өпкө, баш мээ ж.б) ткандарын иштешин начарлатып, кызматын аткара албай калууга дуушар кылат. Мындай оор абалдагы, өтүшүп кеткен ооруларга медицина хирургиялык жол менен гана жардам көрсөтө алат. Бул оорунун катаалдыгы, кыйынчылыгы аны айыктырууда операциядан башка айыктыруучукаражаттын жоктугунда. Өз учурунда хирургиялык жардам берилбесе адам өлүмгө учурашы мүмкүн. Анткени, альвеококкоз оорусу бир органдан башка органдарга өтүп, кетүүсү менен мүнөздөлөт (метастаз) жана бул ооруну рак оорусу менен барабар деп айтылат.

Курсанбек Мамасалиевич, айтсаныз, азыркы учурда республикабызда бул оорунун эпидемиологиялык абалы кандай?

Акыркы жылдардан бери бул оорунун эпидемиологиялык абалы өтө эле оор деп айтсам жанылышпаймын. Себеби, акыркы жылдарда эхинококкоз оорусу көбөйүп, анын ичинде альвеококкоз оорусу да өсүп жатат.

Акыркы 3 жылда 3000 ден ашуун адам эхинококкоз оорусу менен операция болуп жатышса анын ичинен 10 пайызгажакын альвеококкоз менен операция болушкан. Көпчүлүк учурда бул оору менен жумушка жарамдуу улан-кыздар оорушкан. Ооруган адамдардын ичинен 20 пайызга жакыны 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Эгерде 2001-2002-жылдары республика боюнча 2 же 4төн эле каттала турган болсо, бүгүнкү күндө альвеококкоз оорусу 500дөн ашып кетти.

Эгерде эхинококк куртунун органдарды жабыркатуусу боюнча сөз кыла турган болсок 85,71 пайызы боордо, 11,9 пайызы өпкөдө жана 2,39 пайызы башка органдарды жабыркаткан.

Курсанбек Мамасалиевич, альвеококкоз оорусу адамга кандай жугат?

Жогоруда айткандай адамдар итти сылап – сыйпалаган учурда, түлкүнүн, карышкырдын терисин сыйрыганда, ийлегенде, адамдын колуна альвеококк жумурткасы жугуп калат да жеке гигиенаны сактабаган учурда (колду самындап таза жуубаса) бул коркунучтуу митени жугузуп алууга болот. Тактап айтканда, ал организмге булганыч кол, ошондой эле жуулбаган жер-жемиштер аркылуу жугат.

Анын эн негизги таркатуучу булагы болуп иттер эсептелгендиктен эн биринчи иттер менен күрөшүү зарыл. Анткени альвеококкоз менен иттер өздөрү оорушпайт, алар таркатуучу болуп жүрө берет.

Бүгүнкү күндө республикадагы паспорт алынбаган, даарыланбаган, жолбун иттерди толугу менен атып жоготуу керек.

Экинчиден, ит ээлери иттерин сөзсүз байлоодо кармоо керек жана итти жергиликтүү ветеринардык адиске каттатып паспорт алуу керек, бул болсо ошол итке жылына төрт жолу бекер дары алууга мүмкүнчүлүк берет. Ошентип ал итти жылына 4 жолу дарылоодон өткөрүп туруу керек. Иттерге альвеокок куртунан арылуу үчүн берилген таблеткалар бекер берилет.

Дагы айтып кете турган эн негизги маселе, итке дары берип аны 72 саат бою тамак бербей байлоодо кармап туруу керек жана ал убакыттан кийин итти өз ордуна жылдырып иттен чыккан бардык материалдарды дааратканага салып же өзүнчөбөлүнгөн жерге 1 метрдей казып ошол жерге көмүүзарыл. Андан кийин ошол жерди керосин же бензин менен өрттөө керек.

Альвеококкоз оорусун чакыруучу альвеококк куртунун өнүгүп өөрчүүциклы.

Адамга ооруу ушул эхинококк жана альвеококк жумурткалары менен булганган мөмө-жемиштерди таза жуубаган учурда, кайнатылбаган сууну ичүүдө, ит, мал менен байланышта болгондон кийин колду жуубай, жеке гигиенаны сактабаган учурда жумуртка адамдын оозуна, андан ары тамак синирүү органдарына кирүү менен башталат. Мындан башка дагы адамдар итти сылап – сыйпалаган учурда, карышкырдын терисин сыйрыганда, ийлегенде, адамдын колуна эхинококк жумурткасы жугуп калат да жеке гигиенаны сактабаган учурда (колду самындап таза жуубаса) бул коркунучтуу митени жугузуп алууга болот. Тактап айтканда, ал организмге булганыч кол, ошондой эле жуулбаган жер-жемиштер аркылуу жугат.

Бул ооруга чалдыккан адамга кандай клиникалык мүнөздөмөберсе болот?

Мен жогоруда айткандай биринчи адамга жукканда 1 жылдан 15 жылга чейин эч кандай белгилери байкалбайт. Ал адамдар башка эле оорусу менен ооруканага кайрылып УЗИге же рентгенге түшкөн учурда далилденип калат. Бирок, мындай учурлар тилекке каршы абдан аз. Көбүнчөбир канча жылдан кийин ал мите курт чоноюп өтүшүп, ооруу күчөп кеткенде кайрылышат. Мындай учурлар азыр көп кездешет.

Бул учурда дартын биринчи белгилери мите курттун личинкасынын кайсыл органдарга жайгашкандыгына байланыштуу болот.

Көбүнчөальвеококкоз оорусуна чалдыккан адамдын органдарында альвеококк личинкасы өсүп-өөрчүп, уулу заттарды бөлүп чыгара баштайт (өпкөсү, боору, көк боору ж.б.) да ушул учурда организмге терс таасирин тийгизет, анын натыйжасында органдар чоноюп кетет.

  

Альвеококкоз оорусу менен жабыркаган адамдардын боору.

Оорулуу адам акырындык менен алсырап, бат чарчап, тамакка табити тартпай, анда-санда жүрөгү айланып, кусуп, арыктай баштайт да, дарттанган органынын тушу шишик басып, ооругандыгы сезилет, ыйлаакчанын чондугу кээ бир учурларда кичине баланын башындай чон болуп чоноюп кетиши мүмкүн.

Дарттын биринчи белгилери сезиле баштаганда эле, ошол адам дароо дарыгерге кайрылуусу зарыл. Анткени дарылоо канчалык эрте башталса, ошончолук тез айыгат.

Альвеококкоз оорусунан сактануунун эн негизги жолдору жөнүндөсөз кылсаныз?

Бул оорудан сактануунун эн негизгиси жолу, оорунун алдын алуу чараларын билүү зарыл. Ооруну дарылагандан көрө алдын алган жакшы эмеспи. Ошондуктан бул оорунун алдын алуунун негизги жолдору болуп:

1.Биринчиден жекече жана коомдук гигиенаны сактоо, санитардык гигиеналык эрежелерди так аткаруу, оорунун алдын алуунун эн негизги натыйжалуу жолу болуп эсептелет.

2.Оорунун негизги себеби – кир колдон болгондуктан кийин, балдарды кичине кезинен, тамак ичээрде колду таза жууп тамактанууга үйрөтүү керек. Ошондой эле иттер менен ойногондон кийин дагы колун жуумуш эмес, сөзсүз жакшылап самындап жуушу керек.

3.Жашылчаларды жана жер жемиштерди жээр алдында таза сууга бир канча ирет тазалап жуу керек.

4.Жапайы жырткыч жаныбарлардын (түлкү, карышкыр) терисин атайын өзүнчө бөлүнгөн жерде иштетүү керек.

5.Үй иттерин – талаа чычкандарынын, суурдунэттери менен тамактандырбоо керек.

6.Үйдө бакан иттерди жылына 4 жолу дегельминтизациядан туура өткөрүүкерек.

— Курсанбек Мамасалиевич, адис катары окурмандарга кеп-кенешиниз жана каалоо-тилегинизди айта кетсениз.

Урматтуу калайык калк – альвеококкоз ооруларынын өтө коркунучтуу экенин жана өтүшүп кеткенде хирургиялык жол менен дарыланууга болоорун дагы бир жолу эсиниздерге сала кетейин. Өзүбүздүн жана үй-бүлөбүздүн ден-соолугу өз колубузда экенин унутпаныздар жана жогоруда айтылган альвококкоз оорусунан сактануунун эн негизги жолдорун туура жана так сактоонуздарды суранам.Ар дайым ден-соолукта болуп, токчулук, тынчтыкта жашашыныздарды каалаймын.

20:04
RSS
Рахат
19:14

Эл ичинде мындай оруулар коп эле кездешет. Бирок кандай сактанып, кандай дарылануу жонундогу маалыматтар  кенири жайылтылбайт.  Курсанбек Мамасалиевич окшогон кесипкойлор мандан ары да керектуу кенештерин берип,  талыкпас кызмат корсоторуно ишенебиз. . Илимий иштеринизге ийгилик каалайм.  

Загрузка...