СПОРТ

СПОРТ ЗАЛ АЧКАН СЫМАП КОМБИНАТ

el_kdm_00131-июль күнү Айдаркен шаарында валейбол, баскетбол, кичи футбол ойнолуучу спорт залдын ачылышы болуп, Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаров, Айдаркен шаарынын мэри Мукумов Момунжан, КСДПнын райондук координатору Шайырбек Саматов спорттук шаймандарды тапшырышты. Спорт зал Айдеркен сымап комбинаты тарабынан каржыланып курулган. Буга кошумча спорттун башка түрлөрүнө ыңгайлаштырылган залдар курулууда. Шаардык спорт комитетинин башчысы Гапаров Уландын айтымында, 20 жылдын аралыгында биринчи жолу мындай спорт зал ачылды. Жакында оор атлетика, эркин күрөш, бокс боюнча машыгуулар уюштурулат.
Спорт залдын жалпы аянты 540 метр квадрат. Андан кийин валейбол боюнча турнир өткөрүлүп, байгелүү орундарга жеткендерге Сымап комбинатынын башкы директору Толубай Салаев жеке каражатынан байгелүү орундарга 11 миң сом коюлду.
Айдаркен сымап комбинаты шаардын социалдык өнүгүүсүнө мындан башка да чоң көмөк көрсөтүп келет.

«Эл жарчысы»

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы