Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы Садриддин Айни атындагы тажик тилдүү мектепте “Биз достуктун үрөнүн себебиз” аттуу жыйын болду. Жыйын Мамлекеттик тилдин 24 жылдыгына жана кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына, тажик жазуучусу Садриддин Айнинин 135 жылдыгынын урматына карата өткөрүлдү. Ага облустук, райондук тиешелүү жетекчилер катышышты.
Мектептин босогосун аттаган конокторду кыргыз элинин улуттук кийимдерин кийген окуучулар тосуп алышты. Алар кыргыз жана тажик элдеринин достугу менен ынтымагын даңазалаган ыр саптарын аба жаңырта айтышып, майрамдык салтанаттын белгисин билдирип жатышты. Ал эми мектептин мугалимдер жамааты да эки тилде бирдей достукту даңазалап ырдап беришти.
ИШ СҮЙГӨН ТООНУ КУЛАТАТ
С.Айни мектебинин директору Мурадил Фаязидиновдун демилгеси менен башталгыч класстар үчүн спорттук зал ачуу демилгеси көтөрүлгөн болчу. Бул жакшы демилгени облус жетекчилиги да колдоп, акча каражатынан жардам көрсөткөн. Ошондуктан да “Иш сүйгөн колдон тоо кулайт” сыңары кыска мезгилдин ичинде бардык шарты бар спорт залы курулуп, бул күнү пайдаланууга берилип, бүгүн окуучулардын кубанычы чексиз.
Облус жетекчиси Разаков Жеңиш Парпиевич спорт залдын ачылышында окуучулар үчүн жакшы шарт түзүлгөндүгүн баса белгиледи.
КЫРГЫЗ ТИЛ БОРБОРУ АЧЫЛГАН
Аталган тажик тилдүү мектептин экинчи кабатында кыргыз тили борбору ачылган. Бул жайга баш баккан меймандарды мектептин мугалими К.Абдуразакова күтүп алып, борбор жөнүндө кеңири маалымат берди.
Мында кыргыз тилин даңазалаган көрнөк-жарнактар илинип, акын жазуучулардын китептери коюлган.
Китеп текчелерде кыргыз тилиндеги адабияттардын тизилип турганын көрүп, баарыбыздын көңүлүбүз көтөрүлдү. Башка жактарга салыштырмалуу бул мектепте кыргыз тилин окутууга көп басым жасалаары даана сезилип турду. Бизди мектептин кыргыз тили мугалими Салтанат Мергенбаева 2-класстын окуучулары окуп жаткан класска күтүүсүздөн эле жетелеп кирди. Көздөрүндө кири жок, жүрөктөрү таза наристелер ордуларынын тура калып, бизге кыргыз тилинде салам айтышты.
Эжейлеринин “Бүгүн кандай майрам?” деген суроолоруна баардыгы бир ооздон “кыргыз тили күнү” деп сыймыктануу менен жооп бергендигине чексиз ыраазы болдук.
ТАЖИК БАЛДАР “МАНАС” АЙТЫП
Андан соң мектептин жыйындар залында тил майрамына арналган жыйын башталды.
Жогорку класстын окуучулары Мамлекеттик тил Гимнин аткарышты.
15 республиканын улуттук кийимдерин кийген балдар-кыздар ыр ырдап, бий бийлеп, өз өнөрлөрүн көрсөтүп жатышты. Мектептин мугалимдери Салтанат Мергенбаева менен Диларам Дадаханова эки тилде бирдей достукту даңазалаган көркөм окууларды айтышып жатты. Мектеп мугалими Хамида Абдуллаева кыргыз тили боюнча кеңири доклад окуду.
Андан соң келген конокторго сөз берилди.
Облус жетекчиси мектептин жалпы жамаатын бүгүнкү кош майрамдары менен кызуу куттуктады.
Ал эми эки элдин сүйүктүү жазуучусу Мирзохалим Каримов Чыңгыз Айтатов жөнүндө кеңири сөз сүйлөдү. Мектеп мугалими Карима Исраилова Садриддин Айнинин өмүр баяны боюнча кеңири маалымдама берди
КРнын Билим берүү министрлиги тарабынан берилген “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисин С.Айни тажик мектебинин директору Мурадил Фаязидиновго Мирзохалим Каримов тапшырды.
Пулатов, Мамажанов, Мадаминов сыяктуу тажик элинин балдары кыргыз элинин “Манасын” айтышты. Ал эми 2-класстын окуучулары Абдурахим Мыйманов, Мунира Шарафудинова, Дилшода Уринбаевалар “Менин Кыргызстаным” деген ырга бий бийлеп, таланттуу балдар экендигин көрсөтүштү.
Белгилей кетсек, бул салтанатты Кыргыз-Тажик жазуучусу, журналист Мурзохалим Каримов менен Садриддин Айни мектебинин жалпы эмгек жамааты жогорку деңгээлде уюштурушту. М.Каримовдун демилгеси менен аталган мектепке “Кыргыз тили жана Кыргыз-тажик адабияты” борбору ачылган.
«Эл жарчысы», атайын кабарчыбыздан