Кадамжай районунан 42 улан акердик милдетин өтөө үчүн армияга жөнөтүлдү.
Бул тууралуу Райондук аскер комиссариатынын кызматкери Сатинбай уулу Айбек билдирди.
Аскерге күзгү чакыруу 3-декабрга чейин уланат. Быйыл күзгө Кадамжай районунан 106 улан аскерге барышы каралган.
Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 миң жоокер чакырылмакчы.
А.Абсаттаров, атайын кабарчы